Айыл өкмөттөргө парк курулуп, 1 млн. көчөт отургузулсун. ЖК токтом кабыл алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөт отургузусу. Архив
Көчөт отургузусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Акция жыл сайын 1-февралдан 30-апрелге чейин үч айлык мөөнөткө созулат.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Жашыл Кыргызстан" экологиялык акциясын ѳткѳрүү жѳнүндѳ" токтом кабыл алды.
Демилгени депутат Нуржигит Кадырбеков көтөрүп чыкты. Анын айтымында, акция жыл сайын 1-февралдан 30-апрелге чейин үч айлык мөөнөткө созулат. Максаты — өлкө шаарларынын, калктуу конуштарынын экологиялык абалын жакшыртуу, бакубатчылык деңгээлин жогорулатуу.
Токтомдо төмөнкүлөр камтылган:
Жашоочулардын эс алуусу үчүн ар бир айыл өкмөттө кеминде бирден парк куруу;
"Эң жашыл шаар", "Эң жашыл айыл", "Эң жашыл мекеме-ишкана" конкурстарын уюштуруу;
Бир адамдан бир көчөт демилгеси менен кыргызстандыктарды бул ишке тартуу;
Көчөткө каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачуу;
Министрлер кабинетине ар жыл сайын кеминде бир миллион көчөт отургузуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, "Жашыл Кыргызстан" экологиялык акциясын өткөрүү боюнча планын иштеп чыгуу тапшырмасын берүү;
Президентке жарлыктын негизинде март айынын акыркы ишембисин "Улуттук көчөт отургузуу күнү" деп жарыялоону сунуштоо.
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан боюнча Жашыл мурас улуттук өнөктүгүн баштап, алгач Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш багынын аймагына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Жапаровдун демилгесин улай аткаминерлер жети дубанда көчөт отургузушту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0