Кыргызстанга сырттан автоунаалар агылып киреби? Бааларга сереп

© AFP / PAUL CROCKАвтомобильный завод Toyota в Мельбурне
Автомобильный завод Toyota в Мельбурне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Кыргызстанда автоунаалардын баасы канчалык өзгөрдү жана ал эмне менен байланыштуу, эми өлкөгө чет мамлекеттерден өтө кымбат эмес автоунаалар агылып кире баштайбы? Бул боюнча Sputnik даярдаган материалдан жооп аласыз.
2020-жылы бажы алымдарынын кымбатташынан улам Кыргызстага чет жактан кирген автоунаалардын агымы бир нече эсеге кыскарды. Былтыр республикага 13 миң жеңил автоунаа кирсе, ал эми мурдагы жылдары 20 миңден 40 миңге чейин жетип турган. 2021-жылы автокөлүктөрдүн көбүн Россиядан ташып келишкен, тагыраагы, 5,5 миңге чукулдап барган.
Быйыл ири автоконцерндер Россия рыногунан кете тургандыктарын билдиришти. Анын үстүнө рублге карата доллар да кымбаттап кетти. Мунун баары аталган өлкөнүн жаңы жана колдонулган темир тулпарлар рыногунда бир топ реакцияны жаратты. Кыргызстандын экономикасы Россияныкы менен тыгыз байланышкандыктан Sputnik РФтеги абал Кыргызстандагы автокөлүктөрдүн баасына кандай таасир этерин билип көрдү.

Өлкөдө автоунаалар кескин кымбаттап кеттиби?

Кыргызстанда темир тулпарлар негизинен доллар менен сатылгандыктан, аталган валютанын кескин кымбаттап кетиши баага өзүнүн таасирин тийгизди.
Улуттук банктын 18-февралдагы курсу боюнча, доллар 84,7 сом болгондо биринчи анализ жасалды. Соңкусу март айында, курс 105 сомго чыкканда болду. Сатуучулар доллар түрүндө бир аз арзандатканы менен акчаны сомго айландыра келгенде эки апта ичинде темир тулпарлардын баасы орточо эсептегенде 10 пайызга кымбаттаганы аныкталды.
Бир катар автоунаалардын наркы доллардын кымбатташын эсепке албаганда деле көкөлөп кетти. 5-сериядагы BMW, Honda CR-V, E-класстагы Mercedes-Benz унааларынын баасы 100-500 долларга (доллар менен эсептегенде деле) көтөрүлдү. Ал эми үнөмдүү Daewoo Matiz, Volkswagen Passat, Honda Accord, тескерисинче, 200-500 долларга түштү.
Автоунаалардын баасын бычкан Эрик Абдижанов колдонулган машиналардын жакынкы арадагы баасы бир нече факторго байланыштуу болорун айтты.
"Абалга доллардын курсу, Россияга салынган санкциялар, андан сырткары, оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө салынган тыюунун алып салынышы мүмкүн деген нерселер да таасир берүүдө. Класстык түрдөгү Lexus автоунаасын пайдалуу баада сатып ала албашыңыз турган иш, бирок дурусун табууга мүмкүнчүлүк бар. Базардагы азыр олку-солку болуп турган кырдаал пайдалуу баада машина сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Кардар бардык сатуучулар бир бааны аныктап, аны кармап туруп алган учурга жеткенге дейре кырдаалдан пайдаланып калса болот. Анын үстүнө азыр рынокто дагы дале жакшы автокөлүктөр бар. Жакшылап издештириш керек. Эми мындан ары арзан болбойт. Бирок азыр деле базардан 500 миң сомго бир нече жыл кызмат кылып бере турган дурус машина таба аласыз", — деди Абдижанов.
Алып сатар Давлет Осмоновдун айтымында, автоунаалар мындан ары кымбаттоонун гана үстүндө болот.
"Арзандашы үчүн рынок толукталып, жаңы машиналар кириши керек, бирок азыр мындай болбойт. Тилекке каршы, автоунаалардын баасы эми жыл сайын өсөт. Доллар да кымбаттап кетти, кыязы, баа дагы көтөрүлөт. Бул машинаны алып саткандар ортодо байып кетет деген түшүнүк эмес. Болгону акчанын күчү кетип бара жатат. Автокөлүктөрдүн баасы кыргызстандыктардын айлыгына карата эч качан индексацияланбайт. Рынок өзүнүн талабын коюп жатат, биз болгону ага ылайыкташып жатабыз", — деп түшүндүрдү Осмонов.
Автомобилдерди кайра сатуу боюнча компаниянын менеджери Самат Салетдинов олку-солку кырдаалдан улам автоунаалардын наркы бир аз түшкөнүн айтып, жакын арада көп деле кымбаттоо болбойт деген божомолун билдирди.
"Доллар менен коюлган баа түшө баштады, эл ашыкча төлөгөнгө даяр эмес. Кыргызстандыктардын көбү айлыкты сом менен алса, машина валюта менен сатылат. Конвертация учурунда сатып алган киши чыгым тартат. Эч ким мындан бир апта мурда 20 пайыз арзан турган автокөлүк үчүн ашыкча пул төлөгүсү келбейт. Машина керек болгондор буга чейин сатып алышкан. Бензин кымбаттаганда майды аз ичкен автоунаалардын наркы өсө түштү. Мындай учурда кыймылдаткычы эки кубдан өйдө темир тулпарларды алуу чөнтөккө бир кыйла эле кыйын болот. Май арбыныраак коройт. Бул себептен улам жолтандабастарга кызыгуу ылдыйлап, баасы бир аз болсо да арзандады. Майда аз ичкен машинаны бул күндөрү жарым миллион сомго алса болот", — деди Салетдинов.
Элкарт улуттук төлөм тутуму жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Улуттук банк "Элкарт" пайдаланууну сунуштады. Артыкчылыктары

Кыргызстанга сырттан автоунаалар агылып киреби?

Экономист Кубат Рахимов дүйнөдөгү бүгүнкү абалды 2014-жылдагы кырдаалга салыштырды. Ал жакында Кыргызстандын рыногунда чет мамлекеттен арзан баада көп автоунаалар кирерин айтат.
"Жакынкы аралыкта Россиядан дагы көп автоунаалар кириши мүмкүн. Бул жерде доллар менен, ал эми Россияда рубль менен сатып жатышпайбы. Рублдин долларга катышы төмөн болгондуктан бизге караганда азыр Россияда кымбат. Маселен, Россияда колдонулган машина миллион рубль турса, ал эми конвертация кылганда 800 миң сомго чыгат. Аны бул жерден миллион сомго сатып жиберүүгө болот. Кыязы, бул — колдонулган автоунааны пайдалуу баа менен сатып алууга түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк", — деди Рахимов.
Анын айтымына караганда, машина алган же алууну пландаган кыргызстандыктардын көбү кайсы бир убакыттан кийин алган акчасына эле кайра соодалап жиберсе болот.
"Бул биздин рыноктун парадоксу. Кээ бирлер темирге акча салып эмне кереги бар деши мүмкүн, бирок бизде аны кылса болот. Рынокто ар кайсы тарапка караган эки багыт жаралат: бирөөлөрү арзандайт, экинчилери андан да кымбаттайт. 2014-2015-жылдары бизге жолтандабастар болуп көрбөгөндөй көп кирген, таң калыштуусу азыркыга чейин эле баасы арзандай элек. Биздегилер чоң габариттүү автоунааларды жакшы көрүшөт. Бул түрлөрүн кыргызстандыктар мындан ары да сатып ала беришсе керек. Парадокс болуп көрүнгөнү менен Кыргызстанда автоунаага инвестиция салуу — акча сактоонун бир ыкмасы", — деди эксперт.
Самат Салетдинов да бүгүн чет өлкөдөн, анын ичинен Россиядан автоунаа сатып алуу пайдалуу деп эсептейт.
"Жакын арада Россиядан автоунаа сатып алууну пландап жатам. Мага пайдасы — валюталар курсундагы айырма. Бизде 5-6 миң доллар тургандарды ал жакта 4 миң долларга сатып жатышат. Бул Кыргызстанда машина арзандайт дегенди түшүндүрөбү? Менимче, жок. Болгону элдин каалаганын тандап алуусуна жакшы мүмкүнчүлүк жаралат. Баалар доллардын курсуна байлануу. Эгерде валюта көтөрүлсө, темир тулпарлар да кымбаттайт", — деген пикирин билдирген Салетдинов.
Автоунааларды АКШдан ташып келүү боюнча иштеген компаниянын жетекчиси Данияр Салякаев Россиядан темир тулпарларды арзан алып келүүгө болбойт деген пикири менен бөлүштү.
"Россиялыктар 2014-жылдагы курстун өйдө-ылдый болушунан оозун күйгүзгөн жана азыр автокөлүктүн баасын рубль менен жогорулатып коюшту. Андан улам көп келишимдер үзгүлтүккө учураган, сатуучулар валюталардын айырмасына таянып, автокөлүктүн баасын атайын көтөрүүдө. Кызык нерсе башка жакта турат, дүйнөдөгү абалдан улам АКШдагы аукциондордо анча кымбат эмес, дурус машиналар пайда болууда. Маселен, Кыргызстанда 30 миң доллар турган Lexus ES темир тулпарын биз  ал жактан эки эсе арзан сатып алганга жетиштик. Анткен менен медалдын башка жагы да бар, ал Батыштан келе турган автоунааны көп убакытка күткөнгө туура келген нюанс. Кыргызстанга автоунаа ташып келүү көпкө созулуп кетиши мүмкүн, элдин баары эле жарым жыл күтүүгө даяр эмес", — деди Салякаев.
Түштүк Кореядан автоунаа ташып келген компаниянын жетекчиси Кудрет Таласбеков Россиядагы чайпалып турган абалдын шартында автоунаа алып келип, акча жасоого мүмкүн эмес деген пикирде.
"Буга чейин кымбат тургандарынын баасы дагы көтөрүлсө керек. 2021-жылдагы Lexus мындан алты ай мурда 6 миллион рублге сатылган, ал эми бүгүн 12 миллионго чыкты! Биз Кореянын дүйнөлүк окуяларга байланбаган, өзүбүз билип, ишенген рыногу менен иштешебиз. Бирок алар да жана алардын логистикасы да баарыбыз сыяктуу эле доллардын курсуна байланган", — деди Таласбеков.
Эксперттер азыр пайда таап алуу үчүн машина ала коюп, сатып жиберип иш кылган учур эмес деген пикирде. Бул инвестиция болушу мүмкүн, бирок темир тулпарды алып-сатканда чыгым акталарына эч ким кепилдик бере албайт.
Өлкөдө кайсы азык-түлүктөр тартыш? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Кыргызстан өзүн кайсы азык-түлүк менен камсыздайт? Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0