Депутат спекулянттардын абийирин төгүп, 1 млн. сом айып салууну сунуштады

© AFP / ROSLAN RAHMANАКШ долларларын санап жаткан адам. Архив
АКШ долларларын санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Депутат учурда мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылганын айтты.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев азык-түлүктүн баасын жана валюта курсун негизсиз көтөргөндөрдүн жүзүн коомчулукка жарыялап, айып салууну сунуштады.
Эл өкүлү кызыл кулактарга карата Ички иштер министрлиги тарабынан катуу чара көрүлүшү керек деп эсептейт.
"Кыйын учурларда айрым эл душмандары бааны негизсиз көтөрүп, товарларды кампасынан чыгарбай, дагы кымбаттаганда сатам деп басып отурат. Акчалуу адамдар дүңүнөн алып, кымбаттаганда кайра сатып жатат. Мына ушундай эл душмандарын КТРКдан болобу же соцтармактанбы, 24 саат элге көрсөтөлү. Ушундай эле жагдай валюта рыногунда дагы болуп атат. Учурда курсту негизсиз кымбаттаткандарга 17,5 миң сом айып салынат экен. Биз азыр айыптын көлөмүн 1 миллион сомго көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун жазып коомдук талкууга чыгардык", — деди Маматалиев.
Эл өкүлү бардык соода жүргүзүү мамлекеттин ичинде сом менен болсун деген мыйзам, токтомдор иштебей жатканына нааразы болду.
Акча алмаштыруу жайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Депутат акча алмаштыруу жайларын үч айга жаап турууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0