Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Чектен чыгып... Батыш медиасы калыстыктан тайганда

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУкраинские военные обстреляли Донецк
Украинские военные обстреляли Донецк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуш маалында да басма сөз каршылаш тараптын кадамдарынан лидерлеринин сөздөрүнө чейин талдап берген. Ал эми бүгүн медиада абал калыс чагылдырылган жок.
Көз карандысыз, бейтарап деп дүйнө түздөнгөн Батыш басма сөзү бүгүн анык жүзүн көрсөтүүдө деп кейийт серепчи Владимир Корнилов. Анын ушул багыттагы ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Донецкиден жүрөк тилген кадрлар дүйнө жүзүнө тарады. Дүйнөлүк кабарлар үзүлүп, Донецк Эл Республикасынын борборундагы апаат жөнүндөгү чукул билдирүүлөр берилди.
Батыш Украинанын тыюу салынган кассеталык куралдарды колдонгонун катуу сынга алды. АКШнын Украинадагы элчилиги бул кейиштүү окуянын себептерин териштирүү аяктап, жайкын калкка "Точка-У" куралы менен сокку урууга буйрук бергендер жазага тартылмайынча курал менен камсыздоону убактылуу токтотконун жарыялады.
Илон Маск, Стивен Кинг жана Бернар-Анри Леви дароо Донецкинин жабыр тарткан тургундарына көмөктөшүү фондун түзүштү… Сиздер баамдагандай, булардын баары реалдуу дүйнөдө болгон жок.
Батыш бул аймактагы апаатты да, кан төгүлгөн кадрларды да көргөн жок, эч нерсе болбогон түр көрсөтүп койду. Батыш телеканалдарынын эч бири киевдик режим тарабынан жасалган мыкаачылыкты чагылдыруу үчүн жаңылыктар түрмөгүн токтоткон жок.
Эч бир гезит биринчи бетинен орун бөлбөдү. Айрымдар гана бир-эки сап кошуп тим болушпаса, көпчүлүгү унчугуп да койгон жок. Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш кейигенин ооз учунан гана билдиримиш этпесе, калган дүйнөлүк лидерлер же элчиликтерден расмий түрдө билдирүү да жасалбады.
Бир топ жылдан бери Батыш басма сөзүнүн кош стандарттарына деле көнүп бүттүк. Россияга каршы жалаң жалган маалыматтар эң беделдүү делген гезиттерге да жарыяланганына күбө болуп турабыз. Америкалык жана европалык журналисттер "калемди куралга теңеп", Россияга каршы азоо чабуулга өтүп алды.
Киев шаары. Арихв - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: Киев австриялык же швециялык мамлекет вариантын сунуштап жатат
Жок дегенде өз аудиториясынын ак-караны салмактай билген сапаттуу журналистикага болгон ишенимин өчүрүп албоо үчүн деле калыстык кылымыш болуп коюшса болмок. Тилекке каршы, бүгүн Батыш басма сөзү Украинадагы россиялык атайын операция башталгандан бери калыстыктан таптакыр тайды. Өз окурман-көрөрмандарынан жаңылыктардын басымдуу бөлүгүн жашырып, бир тараптуу жалган маалыматтарды берип, көбүнесе пропагандага өтүп алды.
Ал тургай Экинчи дүйнөлүк согушта да басма сөз белгилүү себептер менен аскердик калыпка түшүп, фронттун бул же тигил тарабын жактаган менен касташкан тараптын билдирүүлөрү, аскердик жаңылыктар түрмөгү гезит беттеринде талкууга алынып турган.
Советтик жана британиялык басма сөз Гитлер же Геббельстин кебин майда-чүйдөсүнө чейин карап чыкса, немец гезиттери Черчилль же Сталиндин сөзүндөгү ар бир цитатаны талдап берген. Ал эми бүгүн Батыш жалпыга маалымдоо каражаттары аудиториядан экинчи тараптын пикирин жашырып, журналистика стандарттарын ойго келбес түпкүргө түшүрүп койду. Алардагы медиа Украинанын куралдуу түзүмдөрү тарабынан Донбасстын калааларындагы аткылоолор тууралуу дегеле ооз ачкан жок. Бул да жакшы адаты. Антпесе, кээде Донецк же Горловкада талкаланган үйлөрдүн сүрөттөрүн "Россия тараптын аткылоосунун жыйынтыгы" катары жарыялап коймойлору да болууда. Алар Донбасстагы республикаларда өз кабарчылары жоктугун шылтоолошот. Бирок башка аймактагы окуяларды чагылдыруу үчүн Донецкидеги сүрөттөрдү жайгаштырып коюуга жолтоо боло албаптыр.
Ооба, соңку күндөрү катуу кармаш жүрүп жаткан Мариуполдо бир дагы чет өлкөлүк кабарчы жок. Анткен менен Батыш маалымат каражаттары калаадагы окуяларды чын-төгүнүн тактап койбостон кандайдыр "отчетторду" жарыялоодо. Мариуполдогу мурдагы төрөт үйүнүн имаратынын кыйрашы тууралуу маалыматтар бардык жерде кайталанууда. Бирок аны улутчул "Азовдун" согушкерлери ээлеп алганына бир топ болгон. Ошол эле учурда Донбасстагы иштеп жаткан оорукана, бала бакча, төрөт бөлүмдөрү, мектепке украиналык дүрмөттөрдүн тийип жатканына ушул эле маалымат каражаттары көз жумуп коет.
Айрым темаларды Батыш журналисттери тегиз көз жаздымда калтырганы болду-болбоду жамааттык Батыштын маалыматтык саясатын аныктаган бирдиктүү координациялык борбор болушу мүмкүн деген күдүк ойго түртөт. Маселен, эң абройлуу маалымат каражаттары АКШнын Украинадагы жашыруун биолабораториялары тууралуу үн каткан жок. Россиянын Нидерланддагы элчиси Александр Шульгин жергиликтүү теледеги кеңири белгилүү саясий шоуда бир нече ирет айтууга аракет кылганы менен одоно түрдө сөзүн бөлүп эфирден чыгарып салгандай эле болушту.
Донецктин борборунда Украинанын ракетасы жарылган жерде турган аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевден пикир: Украинага чындап денацификация керек
Луганск Эл Республикасынын аймагындагы, бирок азырынча киевдик режимге баш ийген Кременнаянын оппозициялык мэри Владимир Структун жазаланышы тууралуу Батышта ооз ачкан жан жок. Болбосо ал диалог жана тынчтыкка гана үндөгөн. Ошол эле учурда россиялык федералдык каналдын эфирине согушка каршы ураандары менен чыга калган журналисттин "эрдигин" мисалга алалы. Анын бул кылыгы тууралуу сюжеттер ушул тапта Батыштын бардык маалымат каражаттарын ээлеп турат. Ал эми 70 жаштагы украиналык акын, соңку сегиз жыл бою согушка каршы ырларды жаратып келген Ян Таксюрдун Украинанын коопсуздук кызматы тарабынан камалышы жана тонолушу боюнча Батышта бир дагы медиа чагылдырганы жок. Ага жактоочуну да жолотпой жатышканы белгилүү. Ошол эле учурда сегиз жылдан бери согушту токтотууга чакырып келе жаткан украиналык оппозициялык саясат таануучулар, серепчилердин жоголуп жатканына Батыш таптакыр баш катыргысы жок. Алардын айрымдары бир пайда болуп, бирок кыйнап, сабалганы жүзүнөн көрүнүп, өкүнгөн кайрылууларын жарыялап, кийин кайра дайынсыз жоголууда. Алардын тирүү экени да белгисиз. Алар жөнүндө европалык укук коргоочулардын билдирүүлөрүн укпайсыз, америкалык гезиттерден бир да макала таппайсыз.
Крымда аскерлердин аракети менен келе баштаган суу тууралуу үн катышпайт. Болбосо жакында эле Батыш маалымат агенттиктери жарым аралды суу менен камсыздоо "Путиндин чечилгис көйгөйү" деп жазып жатышкан эле.
Донбасс Батыш тарабынан Украинага берилген танкка каршы ракеталык комплекстерди (Javelin жана NLAW) ээлеп алып жатканы эч бир жерде айтылбайт. Колго түшүрүлгөн трофейлердин арасында ушундай түзүлүштөр жана башка Батыш куралдары бар экени тууралуу Луганск жан Донецк эл республикаларынын бийлиги маалымдашкан. Ал түгүл Донбасстагылар алардын жоокерлери бул куралдарды пайдаланууну өздөштүрүп алышканын билдиришет.
Россияга каршы ири масштабдагы маалыматтык согуштун өзү эмес, заматта Батыш медиасы бирдиктүү эрежелерге баш ийип, жаңы стандарттарга моюн суна калганы чындап кызык. Ошол тушта белгилүү блогерлерге АКШда күйүүчү майдын кескин кымбатташын чагылдыруу ыкмалары Ак үйдөн тапшырылганы ачыкталып калбаспы. Мындан улам ар кыл маалымат каражаттарынын редакторлоруна ушундай инструктаж дайым берилип турабы деген суроо эрксизден жаралат.
Ал эми бир убакта Батышта маалымат каражаттары көз карандысыз жана "журналисттик стандарттарды бекем карманары" тууралуу көркөм "жомокторду" тыңдачу элек...
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украина өзөктүү курал жасоого ниеттенген, анын негизги бутасы РФ болмок
Жаңылыктар түрмөгү
0