Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Өз илимпоздорубузду баалабайбыз. Кыргызстандагы илимдин деңгээли тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековХирургия тармагындагы клиникалык медицина боюнча эксперттик кеңештин төрагасы Юсупжан Үмөталиев
Хирургия тармагындагы клиникалык медицина боюнча эксперттик кеңештин төрагасы Юсупжан Үмөталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Жазылуу
Илим тармагынын өкүлдөрү жакында боло турган эл аралык форум Кыргызстанда илимдин өнүгүшүнө салым кошот деген пикирде.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы илим бардык стереотиптерге карабастан жакшы деңгээлде. Бул туурасында Хирургия тармагындагы клиникалык медицина боюнча эксперттик кеңештин төрагасы Юсупжан Үмөталиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифинг учурунда айтты.
Анын айтымына караганда, көп кыргызстандыктар өлкөдө илим изилдөө иштери жасалбай калды деген пикирде, бирок андай эмес.
"Биздеги илим кайсы тармак болбосун жакшы деңгээлде. Кандидаттык жана докторлук диссертациясын жакташ үчүн бизге Казакстандан, Өзбекстандан абдан көп келишет. Эл кезекте турарын билесиздерби? Мисалы, Алтай Асылканович (Бөрүбаев, Улуттук илимдер академиясынын академиги — ред.) — мындай адамдар дүйнөдө саналуу гана! Өзүбүздүн окумуштууларды баалабайбыз, албетте, бул ызалантат)", — деди Үмөталиев.
Ал муну менен катар эле илимий тармакты финансылоо начар экендигин жана Улуттук аттестациялык комиссия (УАК) энтузиазм менен эле иштеп жаткандыгын айтты.
Кыргызстанда илим бар экендиги жана жашап жаткандыгы тууралуу УАКтын төрайымы Бакыт Тыналиева өзүнүн пикирин айткан. Ал аталган тармакты өнүктүрүүгө аз каражаттын бөлүнгөнүнө карабастан илимдин артынан түшкөндөргө ыраазылыгын билдирген.
"Жергебизде таланттуу окумуштуулар көп. Ага жаш окумуштууларыбыздын эл аралык журналдарга жарыяланган эмгектери күбө. Кыргыз илими бар, мындан ары да болот, кудай буюрса, өсүп-өнүгөт. Азыркы шарттарга карабастан эл аралык деңгээлга чыгат", — деген Тыналиева.
Ал аталган комиссия жакынкы беш жыл аралыкта Кыргызстанда биринчи орунга коюп, өнүктүрө турган илимдин тармактарын иштеп чыгуу милдетин алгандыгын кошумчалаган.
Ал эми алдыдагы эл аралык форум кыргызстандык окумуштууларга чет элдик кесиптештери менен байланыш түзүп иштөөгө мүмкүнчүлүк жаратат деген оюн билдирген. Бүгүнкү күндө илимий ишмерлер эл аралык коомчулукта, кызматташуу аянтчаларында өзүнүн иштерин жүргүзүп жаткандыгын айткан.
"Форумдун максаты — буга окшогон коллаборацияларды түзүүгө көмөктөшүү. Нанотехнология боюнча ийгиликтүү кызматташууларды мисал кылып кетсем болот. Кыргызстанда нанотехнологиялык изилдөөлөрдү иштеп чыгуу үчүн база өтө жакшы өнүккөн. Окумуштууларыбыз Түштүк Корея жана япониялык кесиптештери менен жакшы алакада. Биздин республикада — сырье боюнча жакшы база бар деп айтсак болот, бул жерде илимдин аталган тармагын өнүктүрүү боюнча зарыл болгон бардык элементтер бар. Биздин балдар ал жактан окуп, үйрөнүп, PhD боюнча деңгээлге жетип, нанотехнологияны Кыргызстанда алдыга жылдырууну баштап жатышат", — деген Тыналиева.
Эске салсак, 2022-жылдын 22-23-апрель күндөрү "Санариптик трансформация жана глобализация доорундагы дүйнөлүк илим жана заманбап чакырыктар" аттуу эл аралык форум өтөт. Ага Россия, АКШ, Сингапур, Сербия, Түркия, Казакстан, Кытай, Өзбекстандын окумуштуулары катыша турганы кабарланды.
Илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Радио
Нурматов: антителону изилдөөгө катышкан 9400 киши экинчи этапка да чакырылды
Жаңылыктар түрмөгү
0