Суучул Дастан Камчыбеков Азия Паралимпиада оюндарына жолдомо алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандык суучул Дастан Камчыбеков. Архив
Кыргызстандык суучул Дастан Камчыбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Жазылуу
Паралимпиадалык спортчу Италияда өткөн пара сууда сүзүү боюнча турнирде төртүнчү орунду ээлеп, нормативди аткарган.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Дастан Камчыбеков Азия Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, паралимпиадалык спортчу Камчыбеков Италиянын Линьяно-Саббьядоро шаарында өткөн пара сууда сүзүү боюнча дүйнө сериясында 4-орунду ээлеген.
Мелдештин жыйынтыгы менен атлет быйыл өтө турган Азия Паралимпиада оюндарынын нормативин аткарган. Аталган турнирге 42 өлкөдөн 400дөн ашуун спортчу катышканы айтылды.
Азия Паралимпиада оюндары 9-15-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.
Пара-триатлонист Дастан Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2020
Радио
Камчыбеков: көзүм көрүп турганда айланага көп көңүл бурбаптырмын
Жаңылыктар түрмөгү
0