Министр: экономиканын көптөгөн тармактары үзгүлтүккө учурап жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭкономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев. Архивдик сүрөт
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Жазылуу
Министр Данияр Амангелдиевдин айтымында, бүгүнкү күндө товар ташуу боюнча чектөөлөр жана тартыштык жок.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дүйнөдөгү абалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасындагы көптөгөн тармактар үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу бизнес-коомчулук менен жолугушуу учурунда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев айтты.
"Буга чейин коронавирус пандемиясы экономикага залакасын тийгизип, катуу жабыркаткан. 2021-жылы 3,5 пайыздык өсүү болгондо үмүт пайда болгон. Эми минтип дүйнөдөгү абал өнөктөш өлкөлөргө кесепетин тийгизүүдө. Мындай жагдайда биз бизнес-коомчулук менен тыгыз иштеп, диалогго барышыбыз керек", — деди Амангелдиев.
Министрдин айтымында, валюталар курсу боюнча туруксуздук көп нерсеге тоскоолдук кылып жатат.
"Азыр экономиканын көптөгөн тармактары жабыркоодо. Мындан улам эл өкмөт бизнести колдобой жатат деп айыптап келет. Бирок мен буга макул болбойт элем. 2019-жылдан бери бизнес менен биргеликте кризиске каршы 4 программа иштелип чыкты", — деди ал.
Амангелдиев кошумчалагандай, министрлер кабинетинде кошумча чара көрүлүп, ал ишкерлерге салык жагынан түйшүгүн жеңилдетүүгө багытталды. Бул нерсе азык-түлүккө болгон бааларды оозуктоого жардам бериши керек.
Сөзүнүн соңунда ал бүгүнкү күндө товар ташуу боюнча чектөөлөр жана тартыштык жок экенин билдирди.
Ысык-Көлдө эс алуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Уставдык капиталы 1 миллиард сом. Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0