Кооптуулук ыраакта эмес. АКШнын Украинадагы биолабораториялары ондоп саналат

© REUTERS / David JacksonЛаборатория кызматкерлери. Архив
Лаборатория кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Россия Коргоо министрлиги Украинада АКШ үчүн иштеген биолабораторияларды тапты. Киев менен Вашингтон биологиялык жана токсиндик куралга тыюу салуу жөнүндөгү Конвенцияны бузганына далил калтырбоого далбастап, алардын ишин тез арада жыйыштырганын белгилейт аталган мекеме.
Москва менен Пекин бактериологиялык коркунучтарды көзөмөлдөө үчүн эл аралык документке кошулууга америкалыктарды далай ирет чакырып келгенин эске салат серепчи Елена Попова. Анын ушул маселе жаатындагы материалы РИА Новости сайтына чыккан.

Чек арада

"Украинанын территориясында 30дан ашуун биологиялык лабораториядан турган түйүн түптөлгөн. Аларды илим-изилдөө жана санитардык-эпидемиологиялык деп бөлүүгө болот", — деп билдирди брифингде РФ Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо бөлүгүнүн башчысы Игорь Кириллов. Анын айтымында, Львов, Харьков жана Полтавадагы бул объектилер "АКШ жетекчилиги алдындагы аскер-биологиялык программалар алкагында" кооптуу инфекцияны козгогучтар менен иш алып барышкан. Буюртмачысы — Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин Согуштук коркунучтарды азайтуу башкармалыгы (DTRA). Долбоордо Пентагон менен байланышы бар Black and Veatch компаниясы катышкан.
Кирилловдун маалыматына таянсак, Львовдогу лабораторияларда чума, Сибирь жарасы жана бруцеллёзду козгогучтар, ал эми Харьков жана Полтавада дифтерия, сальмонеллез жана дизентерия боюнча алектенишкен. Бул туурасында РФ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков да билдирди. Россия тарапта бул тууралуу тийиштүү документтер бар экени айтылды.
"Россиялык эксперттер Украина менен АКШ Биологиялык жана токсиндик куралга тыюу салуу жөнүндөгү конвенцияны бузгандыгын тастыктап койбосун деген тейде" биолабораторияларды шашылыш жабышканын белгилешет россиялык министрликтин өкүлдөрү.
Биолабораториялардын ишмердиги өтө кооптуу инфекциялар козгогон илдеттердин өсүшүнө алып келген, алар 2014-жылдан бери күч алганы байкалат. Дифтерия, кызамык, кургак учук, кызылча көп каттала баштаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Украинаны полиомиелит күч алып кетүү тобокелдиги жогору деген өлкөлөр катарына да кошкон.
Киевдеги куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Чет өлкөлүк жалданма аскерлер Украинада. Дүйнө жана Европага залалы тийбейби?

Россия менен Кытайдын тынчсыздануусу

Москва менен Пекин Кошмо Штаттар жана алардын союздаштарынын аскер-биологиялык активдүүлүгүн көптөн бери айтып келишет. Февралдын башында Россия президенти Владимир Путин Кытай лидери Си Цзиньпин менен кезиккен. Эки мамлекеттин башчылары жаңы доорго, глобалдык туруктуу өнүгүүгө аяк баскан эл аралык алакалар жөнүндө биргелешкен билдирүү жасашкан. Кол коюлган ошол документте аталган конвенция эл аралык тынчтык жана коопсуздуктун тиреги катары бааланган.
"Тараптар АКШ жана анын союздаштарын чет жерде жана улуттук аймагында жүргүзгөн аскер-биологиялык ишмердиги жөнүндө тийиштүү деңгээлде маалымдап, ишти ачык, так жана жоопкерчилик менен алып барууга чакырышкан", — деп айтылат документте.
Вашингтондун чет жердеги аскер-биологиялык активдүүлүгүн көзөмөлдөө керектигин кытай жана россиялык эксперттер, саясатчылар, анын ичинде Россия Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россиянын эмгек сиңирген врачы Геннадий Онищенко да кайталап келгени белгилүү.
"Эки лидердин билдирүүсүндө өзөктүк, химиялык жана кайрадан биринчи планга чыгып келе жаткан көзөмөлдөнбөгөн жапырт кыйратуучу биологиялык куралга өзгөчө көңүл бурулган. Россия жана Кытай Конвенциянын аброю жана майнаптуулугун сактоодо чечкиндүү ниетте экенин белгилешет", — дейт окумуштуу.
2001-жылы АКШ конвенцияга кошумча протокол иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн бир жактуу тартипте чыгып кеткен. Ошол протоколго ылайык бардык өлкөлөрдүн микробиологиялык ишмердигине көз карандысыз орган — Техникалык катчылык байкоо салмак.
"Америкалык аскерлер Сибирь жарасынын эч бир антибиотик алы жетпеген, дарыланбай турган Ames strain штаммынын согуштук биологиялык рецептурасын өз территориясында сынап көрүшкөндөн кийин ушундай чечимге келишкен. Ошондо Кошмо штаттар террорчулардын кол салуусуна кабылганын шылтоолоп, өздөрүндөгү микробиологиялык изилдөөлөр эл аралык көзөмөлгө салуудан баш тарткан", — деп тактайт россиялык академик. Аталган конвенция 1972-жылы бекитилген. Ал – ушул багыттагы жападан жалгыз эл аралык документ.
"Россиялык жана кытайлык лидерлер Вашингтонду эл аралык укуктук талаага кайтууга үндөйт. Америкалыктар коронавирустун табигый же жасалма чыгарылышы тууралуу талашып-тартышып келишет. 2001-жылы көзөмөлгө юридикалык жактан милдеттендирген механизмдин кабыл алынышына өздөрү жолтоо болгон. Эгер ал кабыл алынып калса, азыр келип, текшерип, комиссия түзө алышмак. Бирок азыр Кошмо штаттар негизсиз билдирүүлөрдөн башка чара көрө алышпайт. Бүгүнкү күндө Кошмо штаттар аталган конвенцияны бузгандардан болуп саналып, дал ошолордун аракеттери дүйнөнү түйшөлтүүдө", — дейт Онищенко.
Украинанын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин Донбасска кол салуу планы боюнча купуя документ Россиянын колуна тийди

Постсоветтик мейкиндиктеги америкалык биолабораториялар

СССР ыдыраган соң Грузия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда мурдагы советтик институттардын базасында америкалык изилдөө борборлору ачылган. Алар кезегинде, тагыраак 1950-жылдардан тарта жугуштуу ооруларды изилдеп, чума, холера жана тифтен коргоочу вакциналарды иштеп чыгуу менен алек болушкан.
Куралдануу боюнча жарыш күч алып турганда биологиялык жана химиялык согуш болуп калары да кыйла реалдуу көрүнгөн. Советтик институттарда Батышка каршы биологиялык курал иштелип чыгууда деген сөздөр да тараган. Бирок далилсиз эле. Анткен менен СССР кулаган маалда ошол изилдөө борборлорундагы ишти коомго зыяны тийбегидей улап кетүү маселеси жаралган. Дал ошондо бул иште АКШ "Коркунучтарды биргелешип азайтуу программасынын алкагында" көмөктөшүүгө кол сунган.
Лабораторияларда америкалык адистер да иштесин деген шарт менен коркунучтуу илдеттерди изилдөөгө каражат бөлүшкөн. Борбор Азия, Кавказда топтолгон штаммдар Батышка чыгарылган. НАТО менен Пентагондун бюджетинен гранттар бөлүнгөн.
Вашингтондогулар изилдөөлөр тынчтык максатында гана экенине ынандырып келишкен. Бирок Грузиянын мурдагы мамлекеттик коопсуздук министри Игорь Гиоргадзенин билдирүүсүнөн кийин жаңжал чыккан. Анын айтымында, борбордун кызматкерлери Пентагондун буюртмаларын аткарып келишкенин моюнга алышкан. Ал жакта "биологиялык активдүү материалдар менен зыяндуу заттарды чачуу үчүн атайын жабдыктар" бар экени да айтылган.
Ошону менен бирге эле борборлордун биринде дарыланып жаткан ондогон бейтаптар каза тапкан. Мурдагы министр лабораторияларда адамдарга эксперимент жасалган деп шек санаган. Кошмо Штаттардагылар айыптоолорду четке кагып, булардын баарын танышкан.
Алматыдагы Борбордук референс-лабораторияга да Пентагон 108 миллион доллар бөлгөн. Бул объект мамлекеттин энчисинде жана Казакстанга мүнөздүү вирустардын штаммдарын изилдөөгө адистешкен.
Төрт жыл оболу республикада менингит (мээ кабыгынын сезгениши) илдети күч алат. Ошондо да ал Вашингтондун эксперименти деген аңыздар тараган. Ушул өңдүү эле биолабораториялар Тажикстан жана Өзбекстанда да бар. Аларды да америкалыктар каржылаган. 2020-жылдын күзүндө РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Шанхай кызматташтык уюмундагы кесиптештери менен кезиккенде "Вашингтон уюмга эпидемиологиялык жардам шылтоосу менен биоматериалдарды топтоо менен алек", – деп кейиген.
Кытай Борбор Азиядагы бардык америкалык изилдөө объектилерин жабууну талап кылган. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан аларда эч кандай америкалык аскерий иштелмелер жоктугун белгилешет. Бирок буга Пекин менен Москванын санаасы тынчыбайт.
"XXI кылымда согуштар гибриддик болот. Биз муну так түшүнүүгө тийишпиз. Эң башкысы алардын мыйзамын аңдап, аларга – инфекцияларга гана тургай, калктын бардык катмарына багытталган гибриддик маалыматтык-террордук актыларга да каршы туруубуз шарт. Бейтаптарга гана эмес, бүтүндөй коомго таасир эте аларынан улам эпидемиология дайым саясий маселе болуп келген", — дейт Онищенко.
Россиянын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, соңку эки жылда Германия Европа биримдигинин тышкы чек араларындагы биологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн Украинада Конго-Крым геморрагиялык безгеги, лептоспироз, менингит жана хантавирустарды козгогучтарды изилдеген.
Игорь Кирилловдун айтымында, дарыларды сыноо жана коронавирус инфекциясын алдын алуу шылтоосу менен Украинадан "биринчи кезекте славян этносуна мүнөздүү бир нече миң үлгүлөр сыртка чыгарылган". Биоматериалдар АКШ Кургактагы күчтөрүнүн Уолтер Рид атындагы Улуттук илим изилдөө институтуна жеткирилген.
Окумуштуу жарганатты изилдеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлигинин өкүлү: АКШ Украинада COVID боюнча сыноо жүргүзгөн
Жаңылыктар түрмөгү
0