Түрмөдө жатып акча алдырткандар. ИИМдин ортомчуларды кармаган видеосу

Жазылуу
Бишкекте түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан адамдар башка соттолгон кишиден коркутуп-үркүтүп 30 миң сом өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды. ИИМ абактагылар каражатты сырттагы тааныштары аркылуу алдыртканын көрсөттү.
Ыкчам-тергөө жана кармоо иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен Жаза аткаруу кызматынын Ыкчам режим башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
© Фото / пресс-служба МВД КР

Шектүү катары түрмөдөгү эки киши аныкталган

Шектүү катары түрмөдөгү эки киши аныкталган - Sputnik Кыргызстан
1/2

Шектүү катары түрмөдөгү эки киши аныкталган

© Фото / пресс-служба МВД КР

Бири каракчылык үчүн соттолгон Нарын облусунун 25 жаштагы тургуну Н.К. болсо, экинчиси зордуктоо боюнча жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну М.Э. экендиги белгилүү болгон

Бири каракчылык үчүн соттолгон Нарын облусунун 25 жаштагы тургуну Н.К. болсо, экинчиси зордуктоо боюнча жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну М.Э. экендиги белгилүү болгон - Sputnik Кыргызстан
2/2

Бири каракчылык үчүн соттолгон Нарын облусунун 25 жаштагы тургуну Н.К. болсо, экинчиси зордуктоо боюнча жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну М.Э. экендиги белгилүү болгон

1/2

Шектүү катары түрмөдөгү эки киши аныкталган

2/2

Бири каракчылык үчүн соттолгон Нарын облусунун 25 жаштагы тургуну Н.К. болсо, экинчиси зордуктоо боюнча жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну М.Э. экендиги белгилүү болгон

Шектүү катары түрмөдөгү эки киши аныкталган. Бири каракчылык үчүн соттолгон Нарын облусунун 25 жаштагы тургуну Н.К. болсо, экинчиси зордуктоо боюнча жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну М.Э. экендиги белгилүү болгон. ИИМ экөөнүн тең кылмыш чөйрөсүндө "статусу жогору" экенин билдирди.
"Ушул жылдын февраль айынын ортосунда соттолгон киши опузалаган адамдарга 15 миң сом которгон. Абактагылар калган 15 миңди өзүнүн жакындары аркылуу Бишкектеги кичи райондордун биринен алдыртканга аракет кылышкан. ИИМ менен ЖАК кызматкерлери ал жактан түрмөдөгүлөргө көмөктөшкөн 22 жаштагы эки баланы кармаган", — деп жазылган маалыматта.
Кармалгандардын жанынан мурда акча которулган банк картасы табылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда ЖАКтын Тергөө башкармалыгы ишин улантып жатат.
Тема боюнча:
Абакта жатып ишкердин жүз миңдеген акчасын алып турган киши аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0