Кыргызстан өсүмдүк май импортунан көз каранды. Өндүрүшчүлөрдө түшүм кандай?
© Sputnik / Александр Кондратюк
/ Жазылуу
Ар кыл эсеп боюнча, Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 25 пайыздан ашыгыраак гана көлөмдө камсыздайт. Демек, өндүрүшчү өлкөлөрдө кандай түшүм алынганын, аны ташып келүүчүлөр бул тууралуу кандай ойдо экенин билип алуу маанилүү.
Негизи эле республика күнүмдүк керектелчү азык-түлүктүн көп түрүн сырттан ташып, импорттон өтө көз каранды. Алардын катарында күнүмдүк тамактанууда зарыл болгон өсүмдүк майы да бар.
КР өзүн өсүмдүк майы менен канчалык камсыздайт?
Былтыр ноябрда Айыл чарба министрлигинин башчысы өлкө өзүн сүт, картошка жана жашылча менен гана толук камсыздай аларын кабарлаган. Азык-түлүктүн бөлөк түрлөрү боюнча жагдай кейиштүү, маселен, өлкөдө өндүрүлгөн өсүмдүк майы керектөөнүн 20 пайызын гана жабат. Андан көп өтпөй президент Садыр Жапаров билдирүү менен чыгып, Кыргызстан аталган азык менен өзүн 24 пайызга гана камсыздаарын айткан.
Эмне үчүн өндүрүшчү өлкөлөрдөгү түшүмдөн кабардар болууга тийишпиз?
Былтыр Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы кескин кымбаттап кеткен. Мисалы, бир литри 160 сомго чейин чыккан. Буга негизги экспорттоочу Россияда түшүм аз алынганы себеп болгон. 2019-жылы күнкараманын түшүмү 15,4 миллионду, ал эми 2020-жылы 13,3 миллион тоннаны түзгөн.
Кыргызстан күн карама майын кайсы өлкөлөрдөн ташыйт?
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, КР былтыр бул азыктан дээрлик 39,4 миң тонна импорттогон. Негизинен эки, ал эми жалпы жети өлкөдөн ташып келинет:
Россия — 28 миң 89,9 тонна;
Казакстан — 11 миң 120,3 тонна.
© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБылтыр Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы кескин кымбаттап кеткен. Мисалы, бир литри 160 сомго чейин чыккан.
Былтыр Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы кескин кымбаттап кеткен. Мисалы, бир литри 160 сомго чейин чыккан. . Архивдик сүрөт
© Sputnik / Виталий Аньков
/ Негизги өндүрүшчүлөрдө түшүм кандай?
Россиянын айыл чарба министринин маалыматы боюнча, былтыр Россияда май алынчу өсүмдүктөрдүн (күнкарама, соя, рапс) рекорддук көрсөткүчтө — 23 миллион тонна жыйналган. Анын ичинде күнкарамадан 15,5 миллион тонна топтолгон.
"Түшүм кайра иштетүүчү ишканалардын ишин камсыздоо жана ички рыноктун муктаждыгын толугу менен канааттандырууга гана эмес, кошумча наркы жогору азык-түлүктөрдүн экспортун көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат РФтин тийиштүү тармагынын билдирүүсүндө.
Казакстанда да өсүмдүктүн бул түрүнүн түшүмү мол. Эгер 2020-жылы — 844 миң тонна жыйналса, былтыр — 1 миллион 32 миң тонна алынган.
Камсыздоочулар эмне дешет?
Камсыздоочулар ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаевадан негизги экспортчулардагы рекорддук түшүм баага таасир этип-этпегенин сурадык.
"Байкалбайт. Баа түшө элек... Соңку убакта өзгөрүү бар, бирок анчалык деле жогору эмес", — деди Ускенбаева. Анткен менен өсүмдүк майынын баасын жоромолдоого али эртелик кыларын да белгилейт.
"Айдоо-себүү аяктап, майсасы чыгып, быйылкы жылдын түшүмү тууралуу божомолдор аздыр-көптүр түшүнүктүү болуп калганда түшүм, баа тууралуу тагыраак цифра айтууга болот. Ошондо бир нерселерди ойлонуп, божомолдоп жана үмүт арта алабыз", — деп кошумчалады Камсыздоочулар ассоциациясынын башчысы.