Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Лавров: Украинадагы атайын операция аягына чыгарылат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Министр Сергей Лавров Украинанын сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатканына АКШнын тиешеси бар деп эсептейт.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россия Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр, бирок коркунуч жараткан инфраструктура менен курал-жарактарды жок кылуу үчүн атайын операциясын уланта бермекчи. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

"Биз сүйлөшөбүз, бирок атайын операцияны токтото албайбыз. Анткени Россияга коркунуч жараткан инфраструктуранын Украинада сакталып турушуна жол бербейбиз. Бизге коркунуч туудурган объектилерди жок кылуу операциясы аягына чейин чыгарылат", — деди Лавров.

Ошондой эле ал Украинанын сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатканына АКШнын тиешеси бар деп эсептээрин айтты. Министрдин билдиргенине караганда, президент Владимир Зеленский диалог сунуштаганда Россия лидери Владимир Путин дароо макул болуп, делегация жиберген.

"Кийин Зеленский оюнан кайтты. Менимче, АКШлыктар шашылба деп койсо керек", — деди Лавров.

Мындан тышкары, министр Украинадагы операция айласыздыктын иши экенин кошумчалап, Батыш 30 жыл бою калп айтып, Россиянын үнүн укпаганын билдирди.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды.
28-февралда Россия менен Украина делегациясы Беларустун аймагында жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн. Жакын арада сүйлөшүүнүн экинчи раунду өтөт.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украина кризиси боюнча маселе чечилет, биздин шарт өтө жөнөкөй
Жаңылыктар түрмөгү
0