Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рысбаев: өтүк ултаруу өнөрү унутта калды

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев
Кийиз дүйнө коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев өтүк ултаруу унутулуп, жаштар ал тууралуу билбей калганын айтты.
Өтүк ултарган аксакалдар бүгүнкү күндө жокко эсе. Ал техниканы өздөштүрүп, колго алган бир да киши болгон жок. Бул тууралуу Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Рысбаев: өтүк ултаруу өнөрү унутта калды
Анын айтымында, Улуттук тарых музейиндеги 19-кылымдын башында сакталып калган ултарылган өтүктү бир дагы чебер кайталап, өзүндөй кылып жасай алган эмес.
"Бүгүнкү күндө өтүк ултаруу унутта калды. Бул өнөрдү аркалаган аксакалдар дээрлик жокко эсе. Улуттук тарых музейинде 19-кылымдын башында сакталып калган ултарылган өтүктөр турат. Өтүк ултаруунун ыкмасы татаал, ал техниканы өздөштүрүп колго алган бир да киши болгон жок. Өтүктү бутка кийгенде кыяктай болуп чоюлуп, кайра калыбына келгендей ыкма колдонулган. Четтен келген окумуштуулар кыргыздар терини иштете албайт деген ойду жазмалардан кездештирүүгө болот. Бирок аталарыбыз терини көнгө жеткире жасаган. Көн — эң жука кездеме. Тактап айтканда, терини жибек сымал желбирегендей абалга жеткирип жасашкан", — деди Рысбаев.
Ошондой эле адис байыркы кыргыздар өтүккө коңгуроо салып жасап, өзгөчөлүктөрдү кошо билгендиги менен айырмалангандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата Бишкекте биринчи жолу "Кыргыздардын салттуу кийими" аттуу фестиваль өтөт. Фестиваль 5-март күнү саат 10:00дө "Ынтымак-2" паркында болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0