Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинадагы абал: Бекешев жабык эшик артында эмне талкууланып жатканын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Бекешев
Депутат Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, жашыруун эч нерсе талкууланган жок, өкмөт мүчөлөрү экономикалык маселелер боюнча маалымат берүүдө.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев Украинанын айланасындагы кырдаалдын Кыргызстанга таасири тууралуу Жогорку Кеңештин жабык эшик артында өтүп жаткан жыйынында эмнелер талкууланып жатканын айтып берди.
Анын билдиргенине караганда, жашыруун эч нерсе талкууланган жок, өкмөт мүчөлөрү экономикалык маселелер боюнча маалымат берүүдө.

"Купуя сыр боло турчу маселени уккан жокмун. Көбүнчө экономикалык маселелер, Украинадагы кырдаалга байланыштуу кризистик программа иштелип жатканын билдирди. Сомдун кунун кармоо, күйүүчү май, газды үзгүлтүксүз алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз дешти. Анан "кымбатчылыкка жол бербегенге аракет кылабыз" деп жатат. Кыргызстандан аскер күчтөрүн жөнөтүү тууралуу такыр эле кеп козголгон жок. Башка өлкөлөр Кыргызстанга ЕАЭБ аркылуу санкция киргизүү кооптуулугу жокпу деген суроо болду. Мындай көйгөй жок экенин айтты", — деди Бекешев.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угуп жатат.
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) генералдык ассамблеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстан БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды
Жаңылыктар түрмөгү
0