Бишкек мэри жол тыгындар көйгөйүн кантип чечерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жол тыгында турган автоунаалар. Архив
Бишкектеги жол тыгында турган автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Эмилбек Абдыкадыров брифинг өткөрүп, анда Бишкек шаарынын турмушун жакшыртуу үчүн кандай аракеттер көрүлөрүн түшүндүрүп берди.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүнкү брифинг учурунда шаардын көрүнүшүн жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу боюнча пландары менен бөлүштү.
Анын айткандары:
ишембиликтердин формасын өзгөртүү керек. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев комитет өзүнүн имаратынан анча алыс эмес жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүп берсин деген сунуш киргизди;
компаниялар бак-дарактарды отургузуп, аларга кам көрсүн деген сунуштар түшүп жатат;
жайында Кыргызстанда саммит өтөт. Ошол себептен мэр чоң көчөлөрдү бойлой жайгашкан имараттардын фасадын оңдоону планына киргизди. Ал архитекторлорго биринчи кабаттардын бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ал эми жогорку кабаттардын фасаддары коммерциялык мекемелердин эсебинен оңдолот;
Бишкекте жол тыгындары көп, буга жолдон өткөн жөө адамдар дагы себеп болууда. Мэр учурда жер алдынан өтүүчү өтмөктөрдү тез арада куруп берчү техника бар экенин айтты. Ошондой эле жакында мындай өтмөктөр көбөйөрүн кошумчалады.
Бишкектин башкы планы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Бишкектин башкы планы кайра иштелип чыгат
Бишкектин таштанды полигону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Таштанды полигонуна бөлүнгөн 22 млн. евродон 6 млн. эле калды. Акча кайда?
Жаңылыктар түрмөгү
0