Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чекирбаев: мамлекет ишкана түзүп, жеке колго өткөрүшү зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин кошумча нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын жана кластерлерди өнүктүрүү боюнча консультанты Уран Чекирбаев
Айыл чарба министрлигинин кошумча нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын жана кластерлерди өнүктүрүү боюнча консультанты Уран Чекирбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин кошумча нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын жана кластерлерди өнүктүрүү боюнча консультанты Уран Чекирбаев учурунда кооперативдер үй чарба деңгээлине чейин чачыраганын белгиледи.
Мамлекет бизнести түзүп, өнүктүрүп туруп жеке колдорго өткөрүп берсе жакшы натыйжа берет. Бул тууралуу Уран Чекирбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Чекирбаев: мамлекет ишкана түзүп, жеке колго өткөрүшү зарыл
Анын айтымында, бардык реформалар рыноктун механизмдери менен жөнгө салынуусу керек.
"Эгемендүүлүк алгандан кийин колхоз-совхоздор айыл чарба кооперативдерине чачыраган. Андан кийин беш-алты үй-бүлө биригип дыйкан чарбаларга бөлүнгөн. Бара-бара ар кандай себептерден улам алар да чачырап, айыл чарба тармагы үй чарба деңгээлине чейин түшүп кеткен. Башкача айтканда, бул этап эң ылдыйкы баскычка жетип калды. Эми дыйкандарды кайра бириктирүү зарылдыгы жаралууда. Ал үчүн мамлекет күчкө салса, ар кандай терс таасири тийиши ыктымал. Ошондуктан базар экономикасынын финансылык механизмдерин колдонуу зарыл. Мисалы, мамлекет ишкананы түзүп, аны өнүктүрүп туруп акцияларын жеке колдорго өткөрүп берүүсү шарт. Жакында айыл чарба азыктарын сатып алуу үчүн мамлекеттик мекеме түзүү мерчемделүүдө. Анын уставдык капиталы толугу менен мамлекет тарабынан түзүлүп, кийин анын иши жолго салынып, пайда алып келе баштаганда үлүшкө бөлүп жеке колдорго сатуу зарыл. Бул жерден бардык үлүштү бир колго өткөрүп жибербөө маанилүү. Себеби монополия болуп кетүү кооптуулугу бар", — деди Чекирбаев.
Ошондой эле ал чет өлкөлөрдө мындай тажрыйбалар бар экенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев мамлекет фермерлер өндүргөн продукцияны сатып ала турган ишкана ачууну көздөп жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0