Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинадагы кыргызстандыктардын бир тобу эвакуацияланды

© REUTERS / UMIT BEKTASКиев вокзалында адамдарды эвакуациялоо учурунда
Киев вокзалында адамдарды эвакуациялоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Жазылуу
Украинада баш калкалай турган коопсуз оруну жокторго атайын жайлар дагы уюштурулган.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланып жатканын ТИМ билдирди.
"Кыргызстандын Украинадагы консулунун көмөгү менен 27-февралда кыргызстандыктардын тобу Украина-Польша чек арасынан өтүштү. Алар Польшанын Кендзежин-Козле шаарындагы мейманканага жайгашты", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Украина-Молдавия чек арасынан өткөн кыргызстандыктар Кишинев менен Леордоаядагы Manas yurt village комплексине барышты.
Украинада баш калкалай турган коопсуз оруну жокторго төмөнкү жерлерде жайлар ырасталууда:
Киевдеги элчиликте (Печерский району, Редутный кууш көчөсү, 19/34);
Львов шаары (Польская, 6 көч.);
Одесса шаары (Варненская көч., 3а).
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413;
+380442370346;
+380442370348 (WhatsApp)
КР ТИМинин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;
+996 703 428 865;
+996 709 983 465, +996 554 065 215.
Дүйнөдөгү банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому (SWIFT) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
SWIFT РФте өчүрүлсө кыргызстандыктарга кесепети тийбейби? Улуттук банктын жообу
Киевдеги Борисполь аэропортундагы адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы кыргызстандыктар кайсы өлкөлөр аркылуу мекенине келсе болот
Жаңылыктар түрмөгү
0