Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Уезбаев: жугуштуу эмес оорулар эрте өлүмдүн негизги себеби

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев өлүмгө алып келген жугуштуу эмес оорулардын тобуна жүрөк-кан тамыр, рак, кант диабети жана респиратордук дарттар кирерин айтты.
Кыргызстанда башка өлкөлөрдөгүдөй эле жугуштуу эмес оорулар калктын майып болушунун жана эрте өлүмүнүн негизги себеби болууда. Тилекке каршы, COVID-19дан каза болгондордун көбүндө жугуштуу эмес өнөкөт оорулар болгон. Бул тууралуу Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Уезбаев: жугуштуу эмес оорулар эрте өлүмдүн негизги себеби
Анын айтымында, тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү, туура эмес тамактануу, аз кыймылдоо жана экологиялык абал жугуштуу эмес ооруларга алып келген негизги факторлор.
"Статистика боюнча Кыргызстанда жылына 140 миңдей ымыркай төрөлсө, 33-39 миңдей адам каза табат. Анын 80 пайызы өтүшүп кеткен өнөкөт оорулардан улам көз жумгандар (51 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынан). Жугуштуу эмес оорулар менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо үчүн өлкө бюджети 4,7 миллиард сом чыгым болот. Өткөн жылдын аягы Саламаттык сактоо министрлигинде 2022-2025-жылдарга Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар планы боюнча секторлор аралык кеңешме уюштурулган. Анда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда ден соолук мектептерин уюштуруу, калк арасында өзүнө кам көрүү жаатында маалымат берүүнү жогорулатуу каралган. Учурда ден соолукту чыңдоо боюнча маалыматтарды берген веб сайт, YouTube баракчалары ачылды. Биз калктын саламаттыгына кам көрүү боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдонсок да жакшы болот. Мисалы, батыш өлкөлөрүндө өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруунун баасы адамдын саламаттыгына жараша болот. Алсак, эгерде адам тамеки чегип, алкоголь ичимдигин ичип же ашыкча тамактанса анда камсыздандыруунун баасы ошончо жогору болот. Себеби келечекте бул адамдын ден соолугунда маселе жаралса, ооруканага көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүн. Демек, ошого жараша көбүрөөк акча төлөтөт. Ошондой эле Скандинавияда мыйзам боюнча спирт ичимдиги, тамеки 21 жаштан өйдө жана кымбат сатылат. Жаштарга, карапайым элге жеткиликтүү эмес. Ал эми бизде коомдук жайда тамеки тартууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам жакшы натыйжасын берет деген ойдомун", — деди Уезбаев.
Ал жугуштуу эмес ооруларды толугу менен алдын алууга болорун эскертип, жашоо образын өзгөртүү (көп кыймылдап, туура тамактанып, зыяндуу адаттардан арылуу) керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0