https://sputnik.kg/20220225/kyrgyzstan-rossiya-byudzhet-kyzmattashuu-1062351902.html
Россия Кыргызстандын бюджетин колдоого 10 млн. доллар бөлдү
Россия Кыргызстандын бюджетин колдоого 10 млн. доллар бөлдү
Sputnik Кыргызстан
Жапаров Россия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техника жана маданий-гуманитардык жаатта чоң мааниге ээ экенин айткан. 25.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-25T11:20+0600
2022-02-25T11:20+0600
2022-02-25T11:20+0600
кыргызстан
россия
казакстан
акылбек жапаров
михаил мишустин
бюджет
каражат
https://sputnik.kg/img/07e5/06/01/1052679169_0:344:2101:1526_1920x0_80_0_0_062eba5ca44eff501fe95d2a7c0c2630.jpg
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Былтыркы жылдын аягында Россия Кыргызстанга бюджетти колдоо үчүн 10 миллион доллар бөлгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушуу учурунда билдирди. Стенограмма Россиянын өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.Эске салсак, жолугушуу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Казакстандын борборунда болгон.Ал Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын белгилеген."Былтыркы жылдын аягында бюджетти колдоого 10 миллион доллар бөлгөндүгү үчүн Россия тарапка учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип өтөйүн", — деген ал.Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин айтып, бул өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20220225/kazakstanda-zhaparov-menen-mishustin-zholuktu-1062348797.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/01/1052679169_0:147:2101:1723_1920x0_80_0_0_72235786870f8ff9bbbdc48f620cb4c3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, казакстан, акылбек жапаров, михаил мишустин, бюджет, каражат
кыргызстан, россия, казакстан, акылбек жапаров, михаил мишустин, бюджет, каражат
Россия Кыргызстандын бюджетин колдоого 10 млн. доллар бөлдү
Жапаров Россия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техника жана маданий-гуманитардык жаатта чоң мааниге ээ экенин айткан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Былтыркы жылдын аягында Россия Кыргызстанга бюджетти колдоо үчүн 10 миллион доллар бөлгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушуу учурунда билдирди. Стенограмма Россиянын өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.
Эске салсак, жолугушуу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Казакстандын борборунда болгон.
"Россия менен кызматташуу биз үчүн коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техника жана маданий-гуманитардык жаатта чоң мааниге ээ. Бул жакка чыгар алдында президент Садыр Жапаров менен жолуккам. Ал "биз Россия менен 200 жыл чогуу болгонбуз, дагы 300 жыл аны менен бирге болууга даярбыз" деп айтты. Ар дайым чогуу бойдон кала беребиз", — деген Акылбек Жапаров.
Ал Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын белгилеген.
"Былтыркы жылдын аягында бюджетти колдоого 10 миллион доллар бөлгөндүгү үчүн Россия тарапка учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип өтөйүн", — деген ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин айтып, бул өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин кошумчалаган.
25 Бирдин айы 2022, 10:08