26-февраль иш күн. Мамлекеттик бала бакчалар иштейби?

© AFP / JOHN MOOREБалдар бала бакчада. Архив
Балдар бала бакчада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Жазылуу
Эртең иш күн болуп эсептелет. Себеби бул күндүн эсебинен 5-январь дем алыш болгон.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Эртең, 26-февралда, Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 26-февраль иш күн болуп эсептелет. Себеби бул күндүн эсебинен 5-январь дем алыш болгон.
Билим берүү министрлиги министрлер кабинетинин жылдырылган күндөр боюнча токтомун эске салып, эртең иш күн экенин белгиледи. Ошол себептен мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштейт.
Ноорузду Ала-Тоо аянтында майрамдоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Мартта кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алат
Жаңылыктар түрмөгү
0