Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Апышев: РФтин эки жаңы мыйзамы 6 жаштан өткөн чет элдиктерге тиешелүү

© Sputnik / Асель СыдыковаТышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнүн кеңешчиси Мээримбек Апышев
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнүн кеңешчиси Мээримбек Апышев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнүн кеңешчиси Мээримбек Апышев Россияда чет элдик жарандар үчүн киргизилген эки мыйзамдын кыргызстандыктарга таасири тууралуу айтты.
2021-жылдын 29-декабрынан тарта Россияда чет элдик жарандар үчүн эки федералдык мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, өткөн жылдын 29-декабрынан кийин кирген жарандар жугуштуу оорулардын бар-жогун билүү үчүн медициналык кароодон, наркологиялык текшерүүдөн өтүп, манжа изин каттатышы зарыл. Аталган эрежелер алты жаштан жогорку чет элдик жарандарга тиешелүү. Бул тууралуу Мээримбек Апышев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Апышев: РФтин эки жаңы мыйзамы 7 жаштан өткөн чет элдиктерге тиешелүү
Анын айтымында, федералдык мыйзамдардын талабын аткарууда ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандарына жеңилдиктер каралган.
"Россиянын өткөн жылдын 29-декабрынан тарта күчүнө кирген эки федералдык мыйзамы Беларусь мамлекетинин жарандарынан башка бардык чет элдиктерге тиешелүү. Анын ичинде кыргызстандыктар да бар. Бул мыйзамдар боюнча эми Россиянын чек арасын кесип өтүп өлкөгө кирген жарандар 30 күндүн ичинде жугуштуу ооруларды аныктоо, баңгизаттарын колдонбогондугу боюнча текшерүүдөн өтүү жана манжа издерин калтырып сүрөткө түшүүсү талап кылынат. Учурда аталган талаптарды аткаруу үчүн чет элдик жарандар көп функциялуу "Сахарово" миграциялык борборуна кайрылышууда. Бул жерде ЕАЭБ мамлекеттери үчүн атайын "2А" аталышындагы коридор ачылган. Андан биздин жарандар да кезексиз өтө алышат. Ичине киргенде тейлөө борбору бир эле жер, бирок бул коридор сырттагы сааттап турган узун кезектен арылтат. Азыркы биздеги маалыматтар боюнча, миграциялык борборго кайрылган кыргызстандыктар үч сааттын аралыгында толугу менен өз иштерин бүтүрүп кетишүүдө. Көрсөтүлгөн мыйзам талаптары аткарылган соң эмгек мигранттарына сертификаттар берилет. Ошондой эле калк арасында бул сертификаттар үч айга гана жарактуу деген такталбаган маалымат тарап жатат. Учурда Россия Федерациясы так канча убакытка жарактуу болорун расмий билдире элек. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, мөөнөтү бир жылдан кем эмес убакытты камтыйт", — деди Апышев.
Кеңешчи кыргызстандыктар 30 күндөн өткөрүп жиберип кайрылган учурда айыбын жеңилдетүү боюнча Тышкы иштер министрлиги Россияга нота жибергенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0