"Томирис", "Көчмөндүн" оператору Хасан Кыдыралиев: кино мода сымал өзгөрүүдө

© Фото / Айзада ОмуралиеваСъемки фильма "Саякбай" режиссера Эрнеста Абдыжапарова
Съемки фильма Саякбай режиссера Эрнеста Абдыжапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
КР эл артисти, белгилүү кинооператор Хасан Кыдыралиев бир нече жылдан бери Казакстанда иштеп, коңшу өлкөдө тасма тартып келет. Ал "Рэкетир", "Көчмөн" ("Кочевник"), "Томирис" сыяктуу ондогон тасмаларды камерага түшүргөн.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Акыркы жылдары Казакстанда эмгектенип жүргөнүңүздү билебиз. Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
— Казакстанда тарткан соңку тасмам "Боксер" болду. 2020-жылы "Томирис" фильмин көрүүчүлөргө сунуштап, Америкада да көрсөтүлдү. Ошол жылы тарткан "Касым хан" жакында март айында кинотеатрларда көргөзүлө баштайт. Мен Москвада төрөлгөм. Апам москвалык казак кыз болгондуктан кесиптештерим кээде мени жээн деп калышат. Өзүмдүн фильмографиямды карасам, казактарда 26, Кыргызстанда 15 кинокартина жаратыптырмын.
© Sputnik / Мирбек СакеновКинооператор Хасан Кыдыралиев: Кыргыздардын деле жакшы сериалдарды тартууга убактысы келди окшойт, кайрылчу темалар да арбын.
Заслуженный артист КР, известный кинооператор Хасан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Кинооператор Хасан Кыдыралиев: Кыргыздардын деле жакшы сериалдарды тартууга убактысы келди окшойт, кайрылчу темалар да арбын.
— Казактар акыркы жылдары тарыхый окуялар, белгилүү инсандар жөнүндө тасмаларды көп тартып жатат. Мамлекет кинематографияга көп эле каражат бөлсө керек?
— Алар киного башкача мамиле кылат, чындыгында көп акча бөлөт. "Томириске" эле беш миллион доллардай кетти. Ага керектүү кийим-кечелерди тиктирип, курал-жарактарды Кытайдан буйрутма менен жасатышты. Бардык процесстерге Маданият министрлиги баш-көз болду. Кудай буюрса, абал жакшырганда биз дагы ошондой тасмаларды тартып каларбыз деп калам. Анан казактар он жылдан бери эле сериалдарды тартып келе жатышат. Чындыгында биз алардан кино жагынан көп эле арттабыз. Кыргыздардын деле жакшы сериалдарды тартууга убактысы келди окшойт, кайрылчу темалар да арбын.
— Казакстанда оператор катары "Рэкетир", "Көчмөн", "Томирис" өңдүү мыкты тасмаларды тарттыңыз. Сиз сыяктуу сыртта эмгектенген мекендештерибиз көппү?
— Баса, ошол "Рэкетир" прокатка чыкканда кинотеатрга барып калсак кассага "билеттер сатылып кетти" деп жазып коюшуптур. Ошол убакта эң кассалуу тасмалардын бири болгон. Азыр башка эмгектер тизменин сап башына чыгууда. Кинорежиссер Нурбек Эген Россияда ийгиликтүү иштеп жатат. Белгилүү актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Алматыда орун-очок алып калды. Жумушка байланыштуу аны менен жолугуп калам. Мында кыргыз каскадерлорун айтпай кетпесем болбойт. Менимче, алар өзүнүн чеберчилиги, жөндөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Өзгөчө аттар менен эң оор трюктарды аткарышат. Башкалар андайларды жасаганга даай албайтт. Ошондуктан биздин жигиттерди чет өлкөлүктөр көп чакырышат.
© Sputnik / Александр ФедоровХасан Кыдыралиев: Азырынча Кыргызстанда фильм тартуу боюнча сунуштар жок. Бирок көптөн бери Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө тарткым келип жүрөт. Эгер Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк түзүлсө, кубануу менен иштейт элем.
Съемки фильма Аномалия режиссера Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Хасан Кыдыралиев: Азырынча Кыргызстанда фильм тартуу боюнча сунуштар жок. Бирок көптөн бери Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө тарткым келип жүрөт. Эгер Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк түзүлсө, кубануу менен иштейт элем.
— Казакстандык режиссерлор сиз менен иштешүү үчүн кезекке туруп каларын угуп калган элек...
— Казакстанда көбүнчө Акан Сатаев менен иштешем. Башкалар менен да кызматташып жүрдүм. Мен режиссер каалагандай, көргүсү келгендей тартам, алардын каалоосуна жараша түздөнөм. Көп режиссер менен иштешкендиктен бир кинону бүтүрүп башка кино башталса, бат эле ошол режиссердин табитине жараша иштеп кетем. Азыр мурдагыдай кезек күткөндөр жок. Балким, коронавирус, Казакстанда орун алган акыркы окуяларга байланыштуу болуп жаткандыр.
— Азыр Бишкекте экенсиз, эмне иш кылып жатасыз? Бул жакта тасма тартуу, түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар болуп жатабы?
— Үйүм, үй-бүлөм, жакындарым бул жакта. Азыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде студенттерге сабак берем. Казакстанга чакырып калышканда Алматыда убактылуу жашап иштеп калам. 2010-жылдан бери негизинен коңшу өлкөдө жашап жатат. Ал жакта уулум жогорку окуу жайда окуду, ал дагы кинооператор. Азырынча Кыргызстанда фильм тартуу боюнча сунуштар жок. Бирок көптөн бери Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө тарткым келип жүрөт. Эгер Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк түзүлсө, кубануу менен иштейт элем. Бул жакта шакирттерди тарбияласам дейм.
© Sputnik / Мирбек СакеновЗаслуженный артист КР, известный кинооператор Хасан Кыдыралиев
Заслуженный артист КР, известный кинооператор Хасан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Заслуженный артист КР, известный кинооператор Хасан Кыдыралиев
— Кыргызстанга келип, кайра сыртка чыгып иштеп дүйнөлүк кинематографияда болуп жаткан тенденцияларды байкап жүрөсүңөр да. Жаштарга кандай кеңеш бересиз?
— Болочоктогу операторлорго айта турган сөзүм бар. Азыр кино мода сыяктуу эле жыл сайын өзгөрүп, ай сайын жаңы камера, жарыктын түрлөрү чыгып жатат. Кээде рельстерди колдонбой кол менен көтөрүп алып тартуу талап кылынат. Азыр жаш операторлор коркпой, өзүн ар тараптан өнүктүрүп, учурдун талабынан калбай операторлук чеберчилигин арттырышы керек. Мен деле ушунча жыл оператор болгонума карабай ар фильм тарткан сайын жаңы нерселерди үйрөнөм.
Аз акча жумшалган, жеңил-желпи тасмаларды тартпашыбыз керек. Кыргызстанда кээ бир фильмдерди тартууда бир нерсе көрсөтүлүп, үн угулса эле болду деген мамиле менен тартылган эмгектер сунушталып калууда. Тасма антип тартылбайт, камера жарыкты сүйөт. Ар бир кадрды тартканда жарыкты тууралаш керек. Акыркы учурда бизге кино боюнча жакшы мектеп керектигин аңдап жүрөм.
— Кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири, атаңыз Кадыржан Кыдыралиев жөнүндө кеп козгой кетпесек болбойт. Сиз деле атаңызды ээрчип жүрүп операторлукту үйрөнүп калсаңыз керек.
— Атам Москвада үч тасма тартып, ага ошол жактан жакшы жумуш сунушташкан эле. Союз маалында Казакстан да чакырып турду. Ал киши менин киного келишиме каршы болчу. Мен музыкалык мектепте окуп жүргөндө скрипканы үйрөндүм. Мындан улам атам мени музыкант болот деп ойлогон. Бир жолу Маданият министрлигинде иштеген досу менен үйгө келип, "сага Москвага дирижерлук факультетке жолдомо жазып берет. Ошол жактан окуйсуң" деп калды. Атамдын сөзүнө каршы чыга албай жолдомо менен Москвага кеткем. Ал жактан эки экзаменди тапшырып, үчүнчүсүнө атайын эки алыш үчүн барбай койгом. Өтпөй калганда үйдөгүлөргө чалып "мен өтпөй калдым" деп кабарласам, апам келе бер деди. Фрунзеге келгенде атама киностудияда иштейм деп айтып, эки айдай студияда кара жумуш жасап жүрүп алгачкы кыргыз оператор Марлес Туратбековдун жардамчысы болгом. Ал кезде жылына эки-үч эле көркөм тасма тартылчу. Аларга катышуу кыйын эле. Мен Туратбековду ээрчип советтик хроника тартышып жүрдүм. Армиядан келгенден кийин гана көркөм фильм тартуу ишине аралаша баштагам. Атам режиссер, мен оператор болуп иштеп "Аталар өрөөнүн" тартканбыз. Ассистенти болуп такыр иштешкен жокмун. Мен тарткан фильмдерди көрүп дайыма "азаматсың" деп мактап койчу. Кийин Жантай небересине да ошондой мамиле кылып жүрдү. Мен деле уулумду сен оператор болосуң деп көндүргөн эмесмин. Ал өзү эле аралышып, окуп, иштеп кетти.
© Sputnik / Александр ФедоровХасан Кыдыралиев: Армиядан келгенден кийин гана көркөм фильм тартууга аралаштым. Атам режиссер, мен оператор болуп иштеп "Аталар өрөөнүн" тартканбыз. Ассистенти болуп такыр иштешкен жокмун. Фильмдерди көрүп дайыма "азаматсың" деп мактап койчу.
Кинорежиссер, оператор, Народный артист Кыргызской ССР Кадыржан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Хасан Кыдыралиев: Армиядан келгенден кийин гана көркөм фильм тартууга аралаштым. Атам режиссер, мен оператор болуп иштеп "Аталар өрөөнүн" тартканбыз. Ассистенти болуп такыр иштешкен жокмун. Фильмдерди көрүп дайыма "азаматсың" деп мактап койчу.
— Сиздердин үй-бүлөнү көпчүлүк таланттуу операторлордун династиясы катары билет. Уулуңуздан деле көп нерсени үмүттөнсөңүз керек?
— Ооба. Келинчегим экөөбүз эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойттук. Жантай атасынын жолу менен кетип иштешип жүрөт. Ага Казакстандан суроо-талап жогору. Аны менен көпчүлүк киночулар иштегиси келет, Кыргызстанда, Казакстанда ордун тапкан. Уулум "Томирис" тасмасын тартканда мага чоң жардам берди. Тарыхый окуяларды тарткан өтө оор. Анткени андай фильм көп камера менен тартылат, экөөбүз эки жагынан тартып жүрдүк. Кээде ал мага үйрөтүп калат. Буюрса иштери жаман эмес. Кызым менен экинчи уулум башка багыт менен кетишти, учурда Дубайда жашашат.
— Сиздей болуп чет өлкөдө иштеп жүргөн кесиптештериңиз Кыргызстандын жаратылышы, климаты укмуш тасмаларды тартууга өтө ыңгайлуу экенин, бирок шарт жок экенин айтып калышат. Бул боюнча эмне дейсиз?
— Ооба. Чет өлкөдө киночуларга укмуш шарт түзүлгөн, атайын техникасы да арбын. Биз бир жолу Прагага жакын жерде бир кинокартина тартып калдык. Бизге жергиликтүү компания кызмат көргөздү. Киночулар үчүн делген автоунаасында укмуш ашкана бар болчу. Анча алыс эмес жерге ажатканаларды орнотуп коюшкан. Биз ошол жөнөкөй эле ажатканалар менен чет элдиктерди камсыздай албай жүрөбүз. Негизи кино кирешелүү тармак. Ошондуктан биз сырттан келип кино тартабыз дегендерге шарт түзүп беришибиз керек. Андан жакшы акча тапса болот, бизден да сапаттуу кинолор чыгат. Мага кээде "тигил техника, бул жабдык, баланча үлгүдөгү камера барбы, Кыргызстандын кооз жаратылышында тартсак дедик эле" деп калышат. Аларга ташынгандан көрө өздөрү эле келип техниканы ижарага алып тартчусун тартып кетип калганы жакшы. Мен бизде оңгулуктуу техника деле жок деп айтам. Ошондуктан азыр чет элдик көп киночулар Казакстанда тартып жатышат. Анткени ал жакта бизге салыштырмалуу шарт түзүлгөн.
Быйыл белгилүү кинорежиссер, оператор Кадыржан Кыдыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Камерасын ыйлаткан да, кубанткан да жылкычынын баласы. Кадыржан Кыдыралиевди эскерүү
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун кызы, Жогорку Кеңештин II, V чакырылыштын депутаты, коомдук ишмер Роза Акназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Корчубек Акназаровдун кызы Роза Акназарова: атамдын эмгегин эл эмгиче аңыз кылат
Жаңылыктар түрмөгү
0