Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турсуналиев: "Кыргыз жараны" концепциясынын аталышы которулбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер башкармалыгынын кызматкери Бекжан Турсуналиев
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер башкармалыгынын кызматкери Бекжан Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер башкармалыгынын кызматкери Бекжан Турсуналиев "Кыргыз жараны" концепциясынын максаттарын атады.
"Кыргыз жараны" концепциясы эч бир тилге которулбайт. Аталган документ өлкөнүн алдыңкы беш жылга ылайыкташкан идеологиялык багыты болуп эсептелет. Бул тууралуу Бекжан Турсуналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Турсуналиев: "Кыргыз жараны" концепциясынын аталышы которулбайт
Анын айтымында, концепциядагы "кыргыз" термини боюнча көп талаш-тартыштар жаралган.
"Кыргыз жараны" концепциясы — өлкөнүн улуттук идеологиясы. Максаты 80ден ашуун этнос жашаган мамлекетте ынтымак, биримдикти мындан ары да өрчүтүп, улуттар аралык мамилени чыңдоо. Концепция 2021-жылы кабыл алынган, аны ишке ашыруу бир топ мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик бутагына жүктөлгөн. Аталышы боюнча да көп талкуулар жаралды. "Анда эмне үчүн "кыргыз жараны", демек, Кыргызстанда жашаган бардык этностор кыргыз болушу керекпи?" деген суроо туулду. Биздин мамлекетибиз Конституцияда Кыргыз Республикасы деп аталгандыктан бул идеологиялык Концепция "кыргыз жараны" деп аталды. Мааниси "Кыргыз Республикасынын жараны" дегенди туюндурат. Аталган документке таянып өлкөдө жашап жаткан башка улут өкүлдөрүнө кандайдыр бир туура эмес аракеттер көрүлбөйт. Кыргызстандагы ар бир этнос өзүнүн маданиятын, тилин, улуттук иденттүүлүгүн сактап, жайылтып, мурдагыдай эле жашай берет. Бул болгону юридикалык аталыш жана башка бир дагы тилге которулбайт", — деди Турсуналиев.
Адис аталган Концепциянын азыркы редакциясы 2026-жылга чейин жарактуу болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0