Россия ТИМи: Украинадагы кырдаалды курчутуу үчүн Батыш ЖМКлары сүйлөшүп алган

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссия ТИМдин имараты. Архив
Россия ТИМдин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Жазылуу
Киев жана Батыш саясатчылары соңку айларда Россия аскердик күчтөрүн Украинанын чек арасына жакын жайгаштырып жатат деп дембе-дем кайталоодо. Ал эми Россия андай эместигин, аскерлер өз аймагында экендигин баса белгилеп келет.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн бийлиги менен ЖМКлары Украина жана Россиянын айланасындагы кырдаалды курчутуу үчүн макулдашып алышкан. Бул туурасында РФ Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы билдирүүдө жазылган.
Министрлик батыштын саясатчылары абалга тиешелүү баасын берүүдөн качып, фейк маалыматтарды таратууга тиешеси барлыгын ырастап жатканын белгилеген.
"Батыш өлкөлөрүнүн бийлиги менен ЖМКлары Украинанын айланасындагы чыңалууну жасалма түрдө курчутуу максатында сүйлөшүп алышкан. Алар геосаясий кызыкчылыктарын көздөп массалык түрдө жалган маалыматтарды жаадырууда. Тагыраак айтканда, коомчулуктун көңүлүн өздөрүнүн агрессивдүү аракеттеринен башкага бургусу келип жатат", — деп билдирген Россия ТИМи.
Киев жана Батыштын саясатчылары соңку айларда Россия аскердик күчтөрүн Украинанын чек арасына жакын жайгаштырып жатканын айтууда. Бирок алар Кремлдин позициясын кошкон эмес. Аскер күчтөрү өзүнүн аймагында каалагандай жүрө алат, бул эч кимге коркунуч жаратып жана сестентпеши керек.
ТИМдин билдиргенине караганда, "россиялык агрессия" жөнүндө билдирүүнү чек аралаш региондордо НАТОнун контингентин көбөйтүүгө шылтоо катары колдонуп жатат. Мындай айыптоо күлкү келерлик, ошол эле учурда кооптуу.
Ал арада АКШнын президенти Жозеф Байден НАТО, Батыш өлкөлөрүнүн, Евробиримдиктин лидерлери менен болгон видеоконференцияда Россиянын Украинага "кирип барышын" 16-февралда болот деп жар салган. Бул туурасында Politico гезити өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирген. Анткен менен европалыктар Байдендин жогоруда айткан датасы жана чатактан четтеп кетүүгө болбой калды дегенине кошулган эмес. Ал эми аткаминерлердин бири ЕБ буга баш койбой тургандыгын билдиргени айтылды. Материалда "америкалык көптөгөн аткаминерлерге" шилтеме берилгени бекемделип, Вашингтондун союздаштарына Россия кол салуусу катарлашкан ракеталык соккулар жана кибератакалардын жаралышын айтканын билдирген. Байдендин маектештери америкалык чалгын кызматынын маалыматтарын ишеңкиребей кабылдаганын басылма белгилеген.
АКШ жана НАТО желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Коопсуздук кепилдиги. АКШ менен НАТОнун Россияга берген жообу ачыкка чыгып кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0