Быйыл өлкөдө кыска мөөнөттүү 100 бала бакча ачуу пландалып жатат

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы балдар обед учурунда. Архив
Бала бакчадагы балдар обед учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Жазылуу
Мындай бала бакчада бала үч саат гана болот. Ал жерде балдардын тамактануусу жана уктоосу каралган эмес.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. 2022-жылы кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Министрлик Байкоочу комитеттин жумушчу жыйынын өткөргөн. Анда комитет "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин чыңдоо" долбоорлорунун мектепке чейинки билим берүү тармагындагы иши менен таанышкан. Ошондой эле 2021-жылга карата отчётторун жана 2022-жылдын пландарын уккан.
Байкоочу комитет долбоордун жооптуу аткаруучуларынын көңүлүн 3-5 жаштагы балдарды өнүктүрүү үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тартууга бурган.
2022-жылдын декабрына чейин Баткен жана Ош облустарындагы 100 объектиде оңдоо-куруу иштерин бүткөрүү жана жабдууларды жеткирүү пландалууда. Жалпысынан долбоорлор боюнча 500 кыска мөөнөттүү жамааттык бала бакчаларды түзүү каралган.
Маалымат үчүн айта кетсек, кыска мөөнөттүү бала бакчада 3-5 жаштагы балдарга өнүгүү, окутуу жана социалдашуу кызматтары көрсөтүлөт. Мындай жамааттык мектепке чейинки мекемеде бала үч саат болот, ал жерде балдардын тамактануусу жана уктоосу каралган эмес.
Мекетптеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Бакчадагыдай. Бишкектин үч мектебине окуучулар бут кийимин чечип кирет
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Радио
Акматалиев: Мамкурулуш былтыр 109 социалдык жай куруп, ремонттоду
Жаңылыктар түрмөгү
0