Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Нурматов: өлкөдө боорунан рак болгондордун 90 пайызы — алгач гепатитке чалдыккандар

© Sputnik / Табылды КадырбековВирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов
Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Жазылуу
Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов өлкөдө вирустук гепатит өтө жогорку темп менен өсүп бара жатканын айтты.
Өлкөдө боордун рагынан каза болгондордун 90 пайызы башында вирустук гепатит оорусуна кабылгандар. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Нурматов: өлкөдө боорунан рак болгондордун 90 пайызы — алгач гепатитке чалдыккандар
Анын айтымында, вирустук гепатиттин жалпысынан беш түрү болсо, учурда коркунуч жаратып жатканы - В, С жана D гепатити болууда.

"Азыр мечит, базар, көчөлөрдө, ал тургай коомдук транспортторго чейин чыгып операцияга каражат сурагандар көбөйдү. Алардын көпчүлүгү — боордун циррозу же боордун рагы деген диагноздогулар. Бул көрүнүш чынында өлкөдө аталган илдетке кабылгандардын саны өсүп жаткандыгынан кабар берет. Эмне себептен көбөйүүдө, анткени бизде гепатит менен күрөшүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги программа жок. Жогоруда айтылган боор ооруларынын бардыгы вирустук гепатиттерден келип чыгат. Тилекке каршы, киши каза болуп калганда ага адам келип жеткен акыркы диагноз жазылат да, вирустук гепатит көйгөйү көмүскөдө калып кетүүдө. Кыргызстанда боордун рагынан каза болгондордун 90 пайызы алгач вирустук гепатитке кабылгандар болууда. Дүйнөлүк статистикада бул 60 пайызды түзөт. Бизде ВИЧ/СПИД, кургак учук илдеттерине олуттуу көңүл бурулат, бирок ошол эле ВИЧ, вирустук гепатит ооруларына мамлекеттик деңгээлде маани берилбей келет. Эгер ушул боюнча кете берсек, 2040-жылдары вирустук гепатиттен көз жумгандардын саны ВИЧ/СПИД же кургак учуктан каза болгондорго караганда 2-2,5 эсеге көбөйөт", — деди Нурматов.

Профессор 2016-жылдан тарта эле ДССУнун изилдөөлөрүндө вирустук гепатиттен көз жумгандардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын көрүүгө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0