00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Медициналык окуу жайда окуган чет элдиктер канча төлөп, акча кайда жумшалат?

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял сом жана доллар купюраларды санап жатат. Архив
Аял сом жана доллар купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Жазылуу
2021-жылы Кыргызстанда медициналык факультетти 4 244 адам аяктаган.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын медициналык окуу жайларында билим алган чет элдик студенттер контракт үчүн 2-3 миң долларга чейин төлөшөт. Бул тууралуу президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековАнтикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова
Генеральный секретарь Антикоррупционного делового совета при президенте Нурипа Муканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова
Анын айтымында, Кыргызстандагы жаңы ачылган медициналык окуу жайлардын көбү биринчи кезекте бизнес катары түзүлгөн.
"Бир чет элдик студенттин окуу акысы 2-3 миң долларды түзөт. Анткен менен салык төлөөдө бул сумма эки эсе аз көрсөтүлөт. Башкача айтканда, эгер студент 3 миң доллар төлөсө, салык органдарына 1 000 доллар деп көрсөтүлөт. Бул акчанын баары окуу жайларда калат деп айтууга болбойт. Себеби студенттерди чет өлкөдөн алып келген агенттер бар. Акчанын абдан эле көп бөлүгү ошолордун чөнтөгүнө түшөт", — деди Муканова.
Республикада 22 медициналык окуу жай бар. Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жетекчисинин айтымында, медициналык окуу жайлардын көпчүлүгү эл аралык билим берүү аттестациялык комиссиясы тарабынан бааланбайт.
"Окуу жайлардын көптүгү атаандаштыкты жаратышы керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок. Себеби саламаттык сактоо системасынын инфраструктурасы көп сандаган чет элдик студенттерди камтый албайт. 22 окуу жайдын алтоосунда гана өзүнүн клиникалык базасы бар. Калгандары дарылоо мекемелери менен келишим түзүшөт. Бирок текшерүүлөр студенттер практикадан өтпөгөнүн көрсөттү", — деди ал.
Муканованын айтымында, 2021-жылы Кыргызстанда медициналык факультетти 4 244 адам аяктаган.
Студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын деканы Гүлмира Эркулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
"Үй алам деп сүйүнгөм". Ошто студенттерден пара алган деканга соттун өкүмү чыкты
Медицина факультетинин студенттери сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Кыргызстандагы медициналык окуу жайларда канча чет элдик студент окуйт
Жаңылыктар түрмөгү
0