https://sputnik.kg/20220210/sadyr-zhaparov-syjlyk-tapshyruu-1061933442.html
Мугалим, артист, жазуучу. Садыр Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлады
Мугалим, артист, жазуучу. Садыр Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлады
Sputnik Кыргызстан
Президент ишинде өзгөчөлөнгөн кесип ээлерин алган сыйлыгы менен куттуктап, Кыргызстан алар менен сыймыктана турганын кошумчалаган. 10.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-10T11:53+0600
2022-02-10T11:53+0600
2022-02-10T11:54+0600
кыргызстан
садыр жапаров
сыйлык
мугалим
дарыгер
жазуучу
тапшыруу
https://sputnik.kg/img/103426/08/1034260815_0:0:4600:2589_1920x0_80_0_0_23b197b899100221e5d376f050de711b.jpg
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.Жапаров сыйлык ээлерин куттуктап жатып коронавирус менен күрөшүп, элди жаман илдеттен сактап калган дарыгерлердин, балдарга таалим-тарбия берген мугалимдердин эмгегин белгилеген.Президент ишинде өзгөчөлөнгөн кесип ээлерин алган сыйлыгы менен куттуктап, Кыргызстан алар менен сыймыктана турганын кошумчалаган.Белгилей кетсек, Жаңы жыл алдында Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлык жана наам ыйгарган жарлыкка кол койгон. Алардын тизмеси менен кенен таанышсаңыздар болот.
https://sputnik.kg/20220204/dujno-ijgilik-kyrgyzstandyktar-1061774640.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103426/08/1034260815_515:0:4600:3064_1920x0_80_0_0_8f182732bad49a0cf09dd62b98a27ae5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, сыйлык, мугалим, дарыгер, жазуучу, тапшыруу
кыргызстан, садыр жапаров, сыйлык, мугалим, дарыгер, жазуучу, тапшыруу
Мугалим, артист, жазуучу. Садыр Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлады
11:53 10.02.2022 (Жаңыртылды: 11:54 10.02.2022) Президент ишинде өзгөчөлөнгөн кесип ээлерин алган сыйлыгы менен куттуктап, Кыргызстан алар менен сыймыктана турганын кошумчалаган.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы
Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров сыйлык ээлерин куттуктап жатып коронавирус менен күрөшүп, элди жаман илдеттен сактап калган дарыгерлердин, балдарга таалим-тарбия берген мугалимдердин эмгегин белгилеген.
"Мейли аскер кызматчысы болобу, же айыл чарбасы менен энергетика тармагынын адамы болобу, мейли шаарыбыздын тазалыгын көзөмөлдөгөн ишкананын мээнеткеч жумушчусу болобу, же жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлү болобу, адал эмгектенген ар бир адам коомду жакшыртууга салымын кошуп жатат. Бул жерде отурган ар бир сыйлык ээси тууралуу айта берсек узун сабак кеп. Баарыңыздар ушундай алкоого татыктуусуздар", — деген Жапаров.
Президент ишинде өзгөчөлөнгөн кесип ээлерин алган сыйлыгы менен куттуктап, Кыргызстан алар менен сыймыктана турганын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Жаңы жыл алдында Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлык жана
наам ыйгарган жарлыкка кол койгон. Алардын тизмеси менен
кенен таанышсаңыздар болот.