Пианист, профессор, ишкер... Кыргызстанда төрөлүп, чет жерде атагы чыккандар

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин кийип майрамдаган спортчу. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын желегин кийип майрамдаган спортчу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Кыргызстанда төрөлүп, чет жерде атагы чыккан мекендештерибиз абдан эле көп. Мыктыларыбыздын саны улам арбып баратканы сүйүндүрөт.
Sputnik агенттиги буга чейин да бөтөн жерде ийгилик багынткан кыргызстандыктар тууралуу материал даярдаган. Бүгүн Кыргызстанда туулуп, кийин чет мамлекеттерге көчүп кетип, азыр аты таанылган жаңы ысымдарды тизмектедик. Алардын арасында дүйнөнү тамшанткан музыканттар, башка өлкөнүн болсо да желек желбиреткен чемпиондор жана илимдин профессор, докторлору бар.

Азамат Сыдыков

Белгилүү пианист, эл аралык конкурстардын лауреаты жана жеңүүчүсү Азамат Сыдыков 1986-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Петр Чайковский атындагы консерваторияны аяктаган соң Америкадагы дүйнөгө белгилүү Mannes College The New School for Music университетинин аспирантурасына тандоо турунан 150 музыканттын ичинен бюджеттик бөлүмгө өтүп кеткен.
Пианист Германиянын, Түркиянын, Финляндиянын, Ирандын, Швейцариянын, Голландиянын, Украинанын, Кытайдын, Италиянын, Испаниянын жана АКШнын сахнасында талантын тартуулап келет. Ал Нью-Йорктогу классикалык музыка аткаруучуларынын белгилүү залы Карнеги-холлдо ойноп, таланты менен багындыра алган. Азамат Сыдыковдун жубайы америкалык белгилүү опера ырчысы Николете Раллис.
Сыдыков 2002-жылы Кытайда өткөн Чайковский атындагы жаштар арасындагы эл аралык конкурста дүйнөнүн он мыкты пианистине кирген. Ал эми 2009-жылы дүйнөнүн мыкты пианисти жана Италияда өткөн эл аралык конкурста 1-орунду алып, камералык-вокалдык музыка жаатында Гран-прини жеңип, Алтын кубокко жана Алтын дипломго ээ болгон.
Мекендешибиз азыр Америкада жашап, дүйнөдөгү мыкты музыканттардын тизмесине кирет.

Каныбек Сагындыков

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагындыков
Международный турнир на Кубок президента РТ по бильярду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагындыков
Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагындыков 1983-жылы Нарында төрөлгөн. Ал 2000-жылы Алматыга кеткен. Ага чейин Кыргызстандын бильярд боюнча жаштар арасындагы чемпиону болгон. Учурда дүйнөнүн үч жолку (2001, 2004 жана 2007), Европанын бир жолку чемпиону (2004) жана эки коло медалдын ээси. Мындан тышкары, Азия жана Балтика кубогун жеңген.
Учурда орус бильярды боюнча дүйнөнүн үч жолу чемпиону болгон эки гана спортчу бар. Экөө тең кыргыз. Алардын бири Каныбек Сагынбаев болсо, экинчиси Каныбек Сагындыков.

Асел Шерниязова

© Фото / предоставлено Асел Шерниязовой"Алтын глобус" дүйнөлүк кино уюмуна Борбор Азия боюнча алгачкы ирет мүчө болуп кирген Асел Шерниязова
Член организации Золотого глобуса в ЦА Асель Шерниязова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
"Алтын глобус" дүйнөлүк кино уюмуна Борбор Азия боюнча алгачкы ирет мүчө болуп кирген Асел Шерниязова
Учурда Асел Шерниязова АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашайт. Ал "Алтын глобус" дүйнөлүк кино уюмуна Борбор Азия боюнча алгачкы ирет мүчө болуп кирген. Бул уюмга кирүү оңой эмес, себеби анын да өз жолу жана талаптары бар. Бул үчүн узак убакыт бою тынбай аракеттенүү, даярдануу, талыкпаган эмгек жумшалат.
Асел белгилүү саясатчы жана мамлекеттик ишмер Болот Шердин кызы.

Жаңыл Асанбекова

Россиянын "Кухня" сериалынан кийин чыгармачылык доору башталган Жаңыл Асанбекова бүгүнкү күндө бир катар орус тасмаларында роль жаратып, актрисалык карьерасынын үзүрүн көрүп жаткан учур.
© Фото / предоставлено Жаныл АсанбековойАктриса Жаңыл Асанбекова
Уроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале Кухня - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Актриса Жаңыл Асанбекова
Ал 1967-жылы Ысык-Көлдүн Дархан айылында туулган. Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын аяктаган. Карьерасы 45 жашында башталган актриса француз режиссёру Гийом Проценконун "Разбуди меня" тасмасына тартылып, фильм Бишкекте көрсөтүлгөн. "Кухня" тасмасынан соң "Айнуранын" образы менен аты чыгып, ал кийин "Вместе навсегда" (Украина), "Анжелика", "Срочно выйду замуж" сыяктуу бир катар тасмаларга тартылган. Асанбекова азыр Москва шаарында жашайт.

Ольга Видишева

Дүйнөгө өзүнүн иш билгилиги менен аты чыккан кыргызстандык Ольга Видишева Forbes журналынын тандоосу менен 30 жашка чейинки отуз ийгиликтүү ишкердин катарына кирген. Ольга негиздеген Shoptiques коммерциялык онлайн долбоорунун жардамы менен АКШ бутиктеринен каалаганыңызды интернет аркылуу сатып алууга болот. Анын онлайн дүкөндөр тармагы бүгүн Американын 50 штатындагы, Париждин, Лондондун, Канаданын жана Австралиянын миңдеген дүкөндөрү менен иштешет.
Ольга Видишева Кыргызстанда төрөлүп, 15 жашка чыккыча жашаган. 2001-жылы Россияга, андан кийин Америкага кеткен. Гарвард университетинин Бизнес мектебинин бүтүрүүчүсү. 2009-жылы Нью-Йорктогу банк системасында тажрыйба топтогон. Бирок баарын таштап ишкердикти нөлдөн баштоого кудурети жеткен айым.

Эльдар Жангиров

Азыр дүйнөгө "америкалык белгилүү пианист Эльдар Жангиров" деген ысым менен таанылган музыкант да Кыргызстандан. Эльдар 1987-жылы Токмокто төрөлгөн. Үч жашынан баштап фортепианинодо ойной баштайт. Андан аркы жылдыздуу карьерасына үй-бүлөсүнүн АКШга көчүп барышы себеп болгон. Музыканын джаз стили менен алектене баштаган Жангиров америкалык бир топ белгилүү музыканттардан сабак алат. 17 жашында дүйнөгө белгилүү Sony Masterworks компаниясы менен келишим түзүп, алгач ирет өзүнүн "ELDAR" аталышындагы дебюттук альбомун чыгарат. Азыр Эльдар Жангировдун ысымы Америкада, Европада, Азияда жана Африкада өткөн белгилүү фестивалдардын афишасын кооздоп келет. Ал тогуз жеке ыр жыйнагын чыгарып, 2008-жылы белгилүү Грэмми сыйлыгына көрсөтүлгөн. Эльдар 2014-жылы Кыргызстанга келип, "Джаз-Бишкек-жаз" концертине катышып, музыка сүйүүчүлөргө мастер-класстарды өткөргөн. Бир катар дүйнөгө белгилүү америкалык жана европалык музыканттар менен чыгармаларды аткарып келет.

Наргиза Насымбекова

© Фото / из личного архива Наргизы НасымбековойНаргиза Насымбекова Япониянын Ритсумейкан университетинде рыноктук экономиканын эволюциясы боюнча студенттерге сабак берет
Преподаватель в университете Ритсумейкан в Японии Наргиза Насымбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Наргиза Насымбекова Япониянын Ритсумейкан университетинде рыноктук экономиканын эволюциясы боюнча студенттерге сабак берет. Архивдик сүрөт
Нарындын кызы 37 жаштагы Наргиза Насымбекова Япониянын Ритсумейкан университетинде рыноктук экономиканын эволюциясы боюнча студенттерге сабак берет. Америкадан билим алган Наргиза атайын грант утуп алып магистратураны, докторантураны Японияда окуган. Учурда ал Японияда профессор. Наргиза Насымбекованын докторантурадагы изилдөө иши Кыргызстандын индустриалдык саясатына байланыштуу болчу. Диссертациясын экономика илимине жаңы теорияларды киргизүү максатында жазган. Илимий эмгегинде Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн проблемалары жана жолдору толук баяндалат.

Жаннат Керимбаев

Айтылуу Асанкалый Керимбаевдин уулу Жаннат Керимбаев да учурда Россиянын теле тармагында эмгектенип ийгилик жаратууда. КВНге аралашып жүрүп, азыркы "Азия Микс" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров жана КВНчи Василий Куценко үчөө россиялык телеканалдарда эмгектенишкен. Команда СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүн даярдап, "Кухня" сериалынын сценарийин жазышкан.

Аксана Исмаилбекова

© Фото / из личного архива Аксаны ИсмаилбековойДоктор наук, антрополог Аксана Исмаилбекова
Доктор наук, антрополог Аксана Исмаилбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Доктор наук, антрополог Аксана Исмаилбекова
Chevening стипендиялык программасынын ээси, илимдин доктору жана антрополог Аксана Исмаилбекова Германиядагы Zentrum Moderner Orient институтунун илимий кызматкери жана Галле шаарындагы Мартин Лютер университетинде гендердик маселелер боюнча сабак берет.
Soros-Chevening Scholarship стипендиясына ээ болуп, Улуу Британияда окуп, социалдык изилдөө жүргүзүүчү магистр даражасын алган. Бала чагы Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Кант шаарында өткөн.

Александр Волкодав

Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав 1989-жылы Фрунзеде төрөлгөн. 2021-жылдын 30-декабрында Россиянын "Голос" теледолбоорунун жеңүүчүсү аталган. Финалдык концертте Александр насаатчысы Пелагея менен нидерланддык ырчы Дункан Лоуренстин Arcade чыгармасын, жыйынтыктоочу этапта "Луч солнца золотого" ырын аткарган. Аталган теледолбоордун финалынан кийин ал "Пелагея" тобунун солисти болуп кабыл алынды.

Жылдыз Осмоналиева

Ырчы 2007-жылы КР Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Жылдыз Осмоналиевага 1991-жылы ийгилик жылмайып, Борбор Азиядагы белгилүү музыкалык конкурс "Азия Дауысында" дипломант болгон.
© предоставлено Жылдыз Осмоналиевой"Звезды" тоже были детьми
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
"Звезды" тоже были детьми
Кийин курбусу, белгилүү ырчы Светлана Назаренко экөө музыкант Рафаэль Сарлыковдун колунда тарбияланат. Кыргызстанда эски ырларды жаңыртып ырдоону Жылдыз Осмоналиева баштаган. Анын аткаруусундагы "Эсимде" ыры абдан жакшы кабыл алынган.
Кийин ырчы Москвага көчүп кетип, ресторандык бизнести колго алат. Ал азыр Москвада кыргыз ашканасын жана музыкасын таанытып жүрөт.
2018-жылы "Город 312" тобунун солисти Ая (Светлана Назаренко) экөө "Дарак ыры" деп аталган алгачкы кыргыз мюзиклинин саундтрегин аткарып чыгышкан. Мюзикл Кыргызстанда жакшы кабыл алынып, бир катар чет элдик сыйлыктарды уткан.

Асель Сартбаева

Англияда ийгилик жараткан он инженер-химик Инженер-химиктер институту тарабынан атайын (IChemE) медаль менен сыйланган. Алардын арасында илимдин доктору, кыргызстандык Асел Сартбаева дагы бар.
© Фото / The University of BathАнглияда ийгилик жараткан он инженер-химик Инженер-химиктер институту тарабынан атайын (IChemE) медаль менен сыйланган Асел Сартбаева
Работавшая в Кембридже, Оксфорде и университете Бата женщина-ученый Асель Сартбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Англияда ийгилик жараткан он инженер-химик Инженер-химиктер институту тарабынан атайын (IChemE) медаль менен сыйланган Асел Сартбаева
IChemE өзгөчөлөнгөндөргө жыл сайын сыйлык тапшырып келет. Алардын берген баасы химия технологиясы тармагындагы эң абройлуу премия болуп саналат.
Сартбаева Хансон атындагы медалды "Вакциналар: кансыз согуштун аякташы" деген эмгеги үчүн алган.
Кыргызстандык окумуштуу өз эмгегинде вакциналарды атайын муздатуучу жабдууларсыз эле инновациялык жол менен ташыса болорун иликтеген. Сартбаева учурда Улуу Британияда жашап, Бат университетинде профессор болуп иштейт. Учурунда ал Кембридж жана Оксфорд университеттеринде эмгектенген.

Тилек Мамутов

Google компаниясында 11 жыл эмгектенген кыргызстандык Тилек Мамутов иниси экөө Outtalent сервисин ишке киргизген. Анын арты менен орус тилдүү программисттер Google, Amazon, Spotify, Facebook, Dropbox, Airbnb жана OpenAI сыяктуу технологиялык ири компаниялардан жумуш таба алат.
© Нурайым РыскуловаGoogle компаниясында 11 жыл эмгектенген кыргызстандык Тилек Мамутов
Интервью с Тилеком Мамутовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Google компаниясында 11 жыл эмгектенген кыргызстандык Тилек Мамутов
Белгилүү Forbes журналы да Мамутовдун ийгиликтүү долбоору тууралуу жазып, өзүнөн интервью алган. Аталган программа аркылуу жумушка киргендер маянасынын азыраак бөлүгүн Outtalent сервисине которуп турат. Мурда айына 4000 миң доллар тапкан Тилек Мамутов Google компаниясына киргенден кийин кирешеси 140 миң долларга жеткен.
Бишкекте архитектор жана инженер-куруучунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн Тилек 16 жашында Борбор Азиядагы Америка университетинен программист адистигин алып чыккан.

Анара Мурзакулова

Москвада жашаган кыргызстандык Анара Мурзакулова Россиянын "Пятница" телеканалындагы "Кондитер" теледолбоорунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү аталган.
© YouTube / Телеканал ПЯТНИЦАМосквада жашаган кыргызстандык Анара Мурзакулова
Сүйүнүчү батпай! Анара Мурзакулова Россиянын Кондитер долбоорун жеңип алды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Москвада жашаган кыргызстандык Анара Мурзакулова. Архивдик сүрөт
Мекендеш бир миллион рублден сырткары "Золотой венчик" титулун жеңип, "Россиядагы мыкты кондитер" наамына ээ болду. Долбоорго катышуу үчүн кастингге 10 миң киши барган.
Сахнада оюн көрсөтүп жаткан артист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2016
Биз сыймыктангандар. Кыргызстанды дүйнөгө даңазалаган 10 инсан
Жаңылыктар түрмөгү
0