2900 доллар алышат. Пенсия тууралуу ар өлкөдөн чогулган кызыктуу фактылар

© AFP / ANDREJ ISAKOVICКөчөдө бараткан кары адамдар. Архив
Көчөдө бараткан кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жазылуу
Кыргызстандын министрлер кабинетинде пенсиялык тутумдун реформасы талкууланууда. Sputnik Кыргызстан мындай төлөмдөрдүн эсебинен кайсы мамлекеттерде кенен жашоого болоруна кызыгып көрдү.
Бийлик Кыргызстандын пенсиялык системасын реформалоо зарылдыгынан сөз козгоп туру. Мындай демилге анын бардык катышуучуларына бирдей укукту камсыз кылуу максатында көтөрүлгөнү айтылат.
Өткөн апта аягында министрлер кабинетинде дал ушул темада тегерек стол өттү. Пенсиялык тутумду реформалоо маселелери талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, иштеген жарандардын баары эле пенсиялык төлөмдөрдү төгө бербейт. Негизинен бул милдет бюджеттик уюмдардын жана айрым жеке компаниялардын кызматкерлерине жүктөлгөн.
Министрлер кабинетинин өкүлү жакынкы жылдары республиканын пенсиялык системасы олуттуу каатчылыкка кептелишинен коңгуроо кагат. Sputnik Кыргызстандын редакциясы бөлөк өлкөлөрдө бул багыттын жагдайын карап чыгууга белсенип, пенсия тегерегиндеги кызыктуу фактыларды топтоду.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына таянсак, 2070-жылы пенсионерлер дүйнө калкынын 20 пайызына жетет. Ушул тапта бул көрсөткүч 9 пайызды түзөт. Буга байланыштуу эл аралык уюмдар, анын ичинде аналитикалык компаниялар жарандарды кадырман курагын камсыздап берүү үчүн бийликти пенсиялык системалардын мүчүлүштүктөрүн тезинен жоюуга үндөдү.

Кай жакта пенсионерлердин турмушу дурус?

Мыкты пенсиялык тутуму менен Global Pension Index тизмегинин алгачкы сабында Исландия турат. Аталган өлкө 2021-жылы бул рейтингге биринчи ирет кошулуп, ал дароо тизменин баш сабына чыкты.
Forbes журналынын маалыматына таянсак, "салыштырмалуу берешендик" менен берилген мамлекеттик пенсия, ошондой эле "майнаптуу башкарылган жана жөнгө салынган" жеке пенсиялык система бул республиканы ушундай макамга жеткире алган. Баса, тутум бир топ каражатты топтоого мүмкүндүк берет.
Ал эми эң жогорку өлчөмдөгү, тагыраак, айына 2900 доллардын тегерегиндеги пенсияны Дания жана Нидерланд жарандары алышат. Ушул чекке Бириккен Араб эмирлиги да чукулдап, мында пенсиянын көлөмү 2 750 долларды түзөт.
КР Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде Кыргызстандагы эң бийик жана эң аз пенсияны атаган.
"Эң жогорку пенсия өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп, эмгек сиңирген инсандарга ыйгарылат. Ысымдарын атай албайм. Бул 179 миңди түзүп, өлкөдө бир гана кишиге берилет. Эң аз пенсия эмгек тажрыйбасы жок жарандарга чегерилет. Анын көлөмү – 1,5 миң сом. 40 миң чакты кыргызстандык ушундай өлчөмдөгү пенсия алат", — деген ал.
Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Пенсияга деп топтогон каражатты ипотека үчүн пайдаланууга болот. Шарты

Германиядагы "анык адилетсиздик" маселеси

Германия бийлиги 2009-жылдан бери ушул көйгөйдү жоюуга тырышып келерин КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары билдирди. Өлкөдө пенсия жарандын иштеген жылдар аралыгында топтолгон чегеримдеринин суммасы менен аныкталат. Алар канчалык жогору болсо, пенсия да ошого жараша көп чыгат. Бирок 35 жыл маңдай тер төгүп, пенсиялык төгүмдөрдү төлөп келгенине карабастан ардактуу эс алуу акысы өп-чап жеткен пенсионерлердин саны жылдан-жылга өсүүдө.
Пенсияга чыккан соң алардын жаш курагы боюнча бир айлык жөлөк пул пенсиялык кассага таптакыр каражат төкпөй, социалдык төлөмдөрдүн эсебинен жашагандардыкынан анчейин айырмаланбайт.
Германиянын башкаруучу коалициясы муну "анык адилетсиздик" деп атап, бүтүндөй тутумду реформалоону сунуштайт.

Пенсиянын негизги бөлүгү кайсы мамлекетте жогору?

Бул жаатта Голландиянын пенсиялык тутуму эң ийгиликтүү болуп саналат. Нидерландда пенсиянын негизги бөлүгү б. а., Европа өлкөлөрүнүн пенсионерлеринин көпчүлүгү буга көз артышат. Ай сайын 1200 евро пенсия алуу үчүн адам өлкө аймагында 50 жыл жашоого тийиш. Эгер пенсионер пенсиялык фондго да акча которуп келсе, анда сумма мындан да жогору болот. Өлкөдөгү пенсиялык кирешелер бекитилген чени бар мамлекеттик жана кесиптик пенсиядан түзүлөт.

Улгайган адамдарга эмес, пилдерге камкордук

Таиландда бийлик өз жарандарына караганда жаныбарларга көбүрөөк кам көрөт. Пенсия аталган мамлекетте аскерлер жана бюджеттик кызматкерлерге гана эмес, 50 жыл жашаган пилдерге да берилет. Бул айбанаттар ыйык деп эсептелип, белгилүү бир иштерде (адамдарды ташуу, курулуш иштериндеги эмгеги жана ар кыл шоуларга катышуу) пайда келтиришет.
Таиландда катардагы жарандардын пенсиясы 15-17 долларды түзсө, пилдерге айына 450 доллар пенсия төлөнөт. Мыйзамга ылайык улгайган таиланддыктарды балдары багышы шарт. Бала-чакасы жокторго 500 бат (1 300 сомдун тегерегинде) жөлөк пул каралган.
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Түндүк РЭСтин ачылышында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Садыр Жапаров: бюджеттик сферадагы кызматкерлердин айлыгы 1-апрелде көтөрүлөт

Аткаминер жана аскерлер гана пенсия алууга акылуу

Эл жыш жайгашкан Индияда эркектер да, аялдар да 60 жашында пенсияга чыгат. Мамлекеттик аппараттын мурдагы кызматкерлери жана аскерлерге (калктын 12 пайызга жакыны) гана камсыздандыруучу төлөмдөр каралган. Ал эми калган улгайган адамдарды багуу туугандарына жүктөлгөн.
Аз камсыз болгон пенсионерлерге диний багыттагы жеке фонддор каралашат. Бийлик ыктыярдуу чегеримдерге негизделген пенсиялык системаны түптөөгө далалат кылганы менен андан азырынча майнап чыга элек. Эң аз өлчөмдөгү пенсия рупийден долларга которсок, 15 доллардын тегерегинде, ал эми эң жогоркусу — 150 доллар.
Африка мамлекеттеринде, улгайган курак боюнча пенсия тургундардын 10-15 пайызына гана тиет. Атап айтканда, Ботсвана, Гана, Гамбия, Кения, Нигера, Нигерия, Танзанияда пенсияны мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана сырьелук корпорациялардын жумушчулары гана алышат. Чөлкөмдүн айрым өлкөлөрүндө мыйзамдуу сектордо элдин 3-5 пайыздан азыраагы гана эмгектенип, айына төлөнчү акча 15 долларга чыкпайт.
Континенттеги эң өнүккөн өлкө деп эсептелген Кенияда (мында белдүү эл аралык уюмдардын кеңселери жайгашат) ВИЧ же башка кооптуу дарттардын очогу көп чыгат. Анын азабынан адамдардын көпчүлүгү пенсиялык куракка жетпей көз жумушат.

Миллиарддаган калк үчүн пенсиялык чегеримдер

Кытайда пенсиялык камсыздоо тутуму элдин азыраак бөлүгүн – негизинен мамлекеттик кызматкерлер жана өнөр жай тармагында иштегендерди гана камтыйт.
Эркектер 60, аялдар 50-55 (кара жумушта иштегендер — 50, административдик чөйрөдөгүлөр — 55 жашында) чыкканда пенсияга чыгышат. Бирок бул үчүн адам 15 жылдык иш тажрыйбасына ээ болушу шарт.
Жергиликтүү маалыматтарда 60тан ашкан 235 миллион чакты кишиден болжол менен 155 миллионуна мамлекеттен каражат каралган. Мындай айырма Кытайдагы каттоого туруунун өзгөчө бир тутумуна байланыштуу. Бул система кытайлыктарды шаардык жана айылдык тургун деп так бөлүп, кыштактардан келгендерге шаарда мыйзамдуу иштөөгө жол бербейт. Демек, мындайда алар социалдык камсыздандырууга үмүт арта алышпайт. Ошол себептен пенсияны негизинен шаардыктар гана алып, айыл-кыштак калкы карыгында өз күчү же эң төмөнкү негизги пенсия менен күн көрөт. Ошондой эле кытайлыктарда карылыкка акча топтоо адаты кеңири таралган.
Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Кыргызстандык мигранттардын пенсиясы ЕАӨБ аркылуу которулмакчы
Жаңылыктар түрмөгү
0