Пенсияга деп топтогон каражатты ипотека үчүн пайдаланууга болот. Шарты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКөп кабаттуу үй. Архив
Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Пенсиялык чегеримдердин кайсы бөлүгүн ипотекалык баштапкы төгүмдү төлөөгө жумшай алабыз. Бул үчүн кандай шарттарды аткаруу керек? Sputnik Кыргызстан сураштырып көрдү.
Мыйзамга ылайык, өлкө жарандары ипотекалык насыянын баштапкы төлөмүн төгүү үчүн пенсиялык топтолмолордун бир бөлүгүн алууга акылуу. Мунун жол-жобосу кандай, кайсы учурларды эске алуу абзел? Буларды тактоо үчүн Социалдык фонд тарабынан пенсиялык топтолмодон төлөө эрежелерин карап чыгып, аталган мекеменин жекече эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө башкармалыгынын улук адиси Уланбек Исаковду тыңдадык.
Бул каражат ипотеканын кандай түрү үчүн берилет?
Пенсиялык каражаттарды мамлекеттик да, коммерциялык ипотека үчүн да алууга уруксат бар. Негизги талабы — жеке турак жайынын жоктугу.
Пенсиялык чегеримди толук алууга болобу?
Жок, топтолгон каражаттын бир бөлүгү (атап айтканда, маянанын 2 пайызы) жана аны инвестициялоодон түшкөн каражат гана берилет.
Эң аз өлчөмдөгү суммасы канча?
Эгер топтолгон каражатыңыз жана аны инвестициялоодон түшкөн киреше 50 миң сомдон кем болбогон учурда гана ипотекалык баштапкы төгүм үчүн бул каражатты ала аласыз.
Эң жогорку суммасы канчаны түзөт?
Кандайдыр бир чеги жок. Баары топтолмо эсебиңизде канча каражат бар экенине жана аны инвестициялоодон кандай киреше алынганына жараша эсептелет.
Кайсы документтер керек?
Жашаган же турган жериңиз боюнча Социалдык фонддун аймактык органына төмөнкү документтер менен кайрылуу зарыл:
Ипотекалык баштапкы төлөмдү төгүүдө пенсиянын топтолмо бөлүгүн бир жолу төлөө үчүн белгиленген үлгүдөгү арыз;
Каражатты алуучу жактын өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү, салыштыруу үчүн түп нускасы.
50 миң сом алуу үчүн расмий түрдөгү маяна 2,5 миллионду түзүшү шартпы?
Жок. Мында топтолмо бөлүк (маянадан эки пайыз) да, инвестициялоодон түшкөн киреше да эсепке алынат.
Жаран бул каражатты колуна алабы?
Бул акча түз колго тийбейт. Ипотекалык насыя берилери чечилген соң каражат банк көрсөткөн эсепке которулат.
Пенсия үчүн чегерилген каражаттын суммасын тактоо жана башка кызыккан суроолорго жооп алуу үчүн КР Социалдык фондуна кайрылуу зарыл.
Ал эми мамлекеттин көзүн карабай пенсияга акча топтойм десеңиз Sputnik даярдаган материалга көз чаптырып коюу ашыкча болбойт.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Радио
Буга чейин берилген ипотеканын пайызы төмөндөтүлөт. Шарттары
Жаңылыктар түрмөгү
0