00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
41 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Курман айт — кайрымдуулуктун жана биримдиктин майрамы
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Конфуция до Мо Яня — почему без литературы невозможно понять Китай
14:05
58 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкектин Башкы планы бекитилди: борбор калааны кандай өзгөрүүлөр күтөт?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Изилдөөлөр уйкунун жетишсиздиги жана ашыкча уйку органдардын картаюусун тездетерин көрсөттү. Сапаттуу уйку кандай болушу кажет?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносунун келечеги: ири долбоорлор жана чоң пландар “Стоп кадрда” талкууланды
19:07
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкектин Башкы планы бекитилди: борбор калааны кандай өзгөрүүлөр күтөт?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айнекти жууган суу тоңуп калбаш үчүн эмне кылуу керек. Айдоочуга кеңеш

© Sputnik / Рамиль СитдиковЖенщина заливает незамерзающую жидкость в авто
Женщина заливает незамерзающую жидкость в авто - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Автоунаанын айнегин жууган суу тоңуп калбаш үчүн эң жөнөкөй кеңештерди эске сала жүрүү керек. Ага көп убакыт деле, акча деле кетпейт.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Айдоочулар айнек жуугуч суюктук кышында тоңуп, карайлап калбаш үчүн эмне кылыш керектигин "Прайм" агенттигине адистер айтып беришти. Тагыраагы, бул жааттагы адис Павел Сидоров бир нече кеңеш берген.
Биринчиси, суюктуктун канча градус аязга эсептелгенин карап, маселен, -30га чыккан суукта пайдаланса болот дегендерин -20 градуска ылайыктап алыш керек.
Адис аны төмөнкүчө түшүндүрүп берди.
Жыйырма градуска чыдайт деген продукция тоңуп калышы мүмкүн. Себеби аны даярдагандар сынап жана суюктукту жасап жатканда дал ошол орточо белгиленген чекти алышкан.
Автоэскперт мындан ары "эмне бар, эмне жок, алдын ала даярданып алайын" деген принцип менен мамиле кылууга кеңеш берген. Башкача айтканда, эгерде көчөдө -20 градус болсо, сыртында -30 градуска чыдайт деген жазуусу барын алуу туура болорун айткан.
Экинчи учур - сапатсыз болуп калганы. Эгерде жашаган аймагыңыз жылуураак болуп, ал эми сиз чыкылдаган аязга жарайт дегенин алып, бирок тоңуп калса, демек, ал – начар продукция.
"Кыязы, анын курамына башка заттар кошулуп кеткен. Өндүрүүчү үнөмдөөнү чечкен же башка нерсени аралаштырып, будамайлап жиберген. Андыктан кез келген жерден эле сатып ала бербестен, ишенимдүү жайларды карап же дүкөндөргө токтолгон дурус. Дагы эске сала турган нерсе – сапатсыз продукцияларда байкалбаганы менен ден соолукка зыянын тийгизе турган уулуу заттар да болушу мүмкүн", — деп эскерткен Сидоров.
Үчүнчү нерсе – айдоочунун өзүнүн күнөөсүнөн улам суу тоңуп калды дейли.
"Коопсуз жана оңоюраак ыкма – темир тулпарды жылуураак жайга (жылытылган гараж же автокөлүк токтотуучу жай, автоунаа жууган жерлерге) киргизе туруш керек. Андан соң сууну же сапатсыз суюктукту ишенимдүүсүнө алмаштырып салган оң", — деген Сидоров.
Адис азыркы автоунаалардын айнек тазалаган суу куйган челеги татаал жасалгандыктан, аны ачууга аракет кылбай эле коюуга кеңеш берген.
"Кээ бир айдоочулар тоңуп калган муздун үстүнө таза спиртти куюп жиберип эритүүгө аракет кылышат, бирок ал деле сиздин 5-10 мүнөттө жолго чыгып кетүүңүзгө жардам бере албайт. Ал эрип, насос сууну соруп өйдө чыгаргыча бир топ убакыт кетет", — деп кошумчалаган адис.
Буга чейин Сидоров автоунаа суукта от албай калса эмне кылыш керектигин айтып берген эле.
Унаасын кардан тазалап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Унутпай сала жүрүңүз! Суукта айдоочуга керек болчу 5 буюм
Жаңылыктар түрмөгү
0