Кургакчылыктан боо түшкөн мал, бир сындырым нанга кубанган аялдар. Апта ирмеми
Кургакчылыктан боо түшкөн мал, бир сындырым нанга кубанган аялдар. Апта ирмеми
Sputnik Кыргызстан
Африкадагы кургакчылык, 32 метрлик кудукка түшүп кеткен бала, Олимпиада оюндарынын ачылышындагы көз жоосун кооздук... Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн... 07.02.2022, Sputnik Кыргызстан
Африкадагы кургакчылык, 32 метрлик кудукка түшүп кеткен бала, Олимпиада оюндарынын ачылышындагы көз жоосун кооздук... Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн өткөн аптада болгон эң кызыктуу окуялар тууралуу көрө аласыз.
Кениядагы кургакчылыктан улам кырылган мал. Кургакчылык бул жылдын ортосуна чейин Сомали менен Эфиопияда дагы өкүм сүрүп, БУУ 25 миллион киши ачка каларын божомолдоп жатат.
Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль россиялык атаандашы Даниил Медведевди жеңип алган учур. Надаль ушуну менен 21 ирет ири шлемди утуп, рекорд койду. Австралия
Мароккодо 32 метрлик кудукка түшүп кеткен беш жашар баланы куткаруу иштери беш күнгө созулду. Ишемби күнү куткаруучулар араң алып чыккан наристе алган жарааттарынан улам чарчап калды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пекиндеги Олимпиада оюндарынын ачылышында. Кытайга иш сапары учурунда ал өлкө жетекчиси Си Цзиньпин менен жолукту.
Сиам булуңунда суу алдындагы нефть түтүгү сынып кеткен. Сүрөттөгү жумушчу Таиланддагы Мае Рам Фуенг пляжында суунун бетине калкып чыккан кара майды калпып алып жатат.