Индиядагы калың кар, Кытайдагы аязда сууга чумкугандар. Аптанын 17 ирмеми
Индиядагы калың кар, Кытайдагы аязда сууга чумкугандар. Аптанын 17 ирмеми
Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы шыргалаң сууга чөмүлүү, Мадагаскардагы суу ташкын, Париждеги өзгөчө мода жумалыгы... Sputnik Кыргызстан өткөн апта ичинде болгон кызыктуу окуяларды... 31.01.2022, Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы шыргалаң сууга чөмүлүү, Мадагаскардагы суу ташкын, Париждеги өзгөчө мода жумалыгы... Sputnik Кыргызстан өткөн апта ичинде болгон кызыктуу окуяларды баяндаган сүрөт түрмөгүн окурмандарга тартуулайт.
Антананариву шаарындагы нөшөрдөн улам автоунаа токтоочу жай үйлөргө кулап түшкөн. Мадагаскарда "Ана" тропикалык циклонунан улам жамгыр тынбай жаап, ташкындаган суу 34 кишинин өмүрүн алып кетти. 64 адам жабырланды.
Мындан бир нече күн мурда, 25-январда, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанды бириктирген энергошакекчеде авария болду. Анын кесепетинен улам үч мамлекеттин шаарлары менен айылдары электр кубатысыз калды. Адистердин айтымында, мындай авария эч качан болгон эмес.
Сүрөттө: Кайгуул милициясы Бишкектеги көчө кесилиштеринин биринде жол кыймылын жөнгө салып жатат. Электр энергия өчкөндүктөн светофорлор иштебей калды.
Питтсбургда (АКШ) көпүрө урап түшүп, анын кесепетинен беш автоунаа жана автобус жарга кулады. Онго чукул киши жеңил жаракат алып, үчөө ооруканага түштү.
Быйылкы жылдын 27-январында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Анын айынан кыргызстандыктар чек арага жакын жайгашкан аймактардагы кооптуулуктан улам башка жактарга көчүрүлүп, эки тарап сүйлөшүп, кырдаал турукташкан соң кайра кайтып келишти.
Сүрөттө: чатак учурунда Көк-Таш айылында өрттөлгөн автоунаа. Алдын ала берилген маалыматтарда 10дон кем эмес үй талкаланып, эки сарай күйүп, ичинде калган мал куйкаланып калган.
Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы CAFA Women's Futsal Championship алкагында Тажикстан менен беттешип, 4:1 эсебинде утуп алды. Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстан үчүнчү, Өзбекстан экинчи орунду ээлеп, Иран командасы чемпион болду.