https://sputnik.kg/20220204/kyzdyn-chon-atasy-oz-zhanyn-kyjdy-1061793939.html
Милиция: агасын асылды деп айыптаган кыздын чоң атасы жанын кыйды
Милиция: агасын асылды деп айыптаган кыздын чоң атасы жанын кыйды
Sputnik Кыргызстан
Секелек кыз өгөй атасынын 34 жаштагы агасын сексуалдык аракеттерди жасады деп айыптаган. 04.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-04T13:03+0600
2022-02-04T13:03+0600
2022-02-04T13:04+0600
окуялар
кыргызстан
өлүм
милиция
чүй облусу
кыз
https://sputnik.kg/img/103756/17/1037561751_0:317:6017:3701_1920x0_80_0_0_8271e1d726b2fd8f22908a1b0b88aee6.jpg
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерге атасынын агасын айыптаган 10 жаштагы кыздын чоң атасы өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, 31-январь күнү Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы үйлөрдүн бириндеги сарайдан 64 жаштагы кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал өлүм алдында жазган катында күнөөсү жок экенин айтып, жаралган жагдай үчүн кечирим сураган.Милиция ал кыздын багып алган чоң атасы экенин маалымдады. ЖМКлар кыз өгөй атасынын ата-энесинин колунда тарбияланып жатканын жазган. ОИИБ сексуалдык аракеттер тууралуу даттанган кыз чынында эле ушул үйдө жашай турганын тастыктаган.Буга чейин милиция эркек киши жашы жете элек секелек кызга асылган деп шектелип жатканын кабарлаган.Буга шектелген 34 жаштагы киши күнөөсүн четке кагып жатат. Милиция кыз менен чогуу жашагандарды дагы суракка алганда алар да төгүндөгөнүн кошумчалады.Учурда тергөө жүрүп жатат.
https://sputnik.kg/20220127/baldardy-zorduktoo-zhazasyn-kuchotuu-sunushtaldy-1061587724.html
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103756/17/1037561751_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_5ec7aa99a56450684b6efc4ede8e0e3b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, кыргызстан, өлүм, милиция, чүй облусу, кыз
окуялар, кыргызстан, өлүм, милиция, чүй облусу, кыз
Милиция: агасын асылды деп айыптаган кыздын чоң атасы жанын кыйды
13:03 04.02.2022 (Жаңыртылды: 13:04 04.02.2022) Секелек кыз өгөй атасынын 34 жаштагы агасын сексуалдык аракеттерди жасады деп айыптаган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерге атасынын агасын айыптаган 10 жаштагы кыздын чоң атасы өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 31-январь күнү Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы үйлөрдүн бириндеги сарайдан 64 жаштагы кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал өлүм алдында жазган катында күнөөсү жок экенин айтып, жаралган жагдай үчүн кечирим сураган.
Милиция ал кыздын багып алган чоң атасы экенин маалымдады. ЖМКлар кыз өгөй атасынын ата-энесинин колунда тарбияланып жатканын жазган. ОИИБ сексуалдык аракеттер тууралуу даттанган кыз чынында эле ушул үйдө жашай турганын тастыктаган.
Буга чейин милиция эркек киши жашы жете элек секелек кызга асылган деп шектелип жатканын кабарлаган.
"Кыз милицияга чоң ата, чоң энеси менен жашап, ата-энеси менен сүйлөшпөй турганын айткан. Аны 10-январь күнү Чүй облустук ооруканасына жаткырышкан. Кийин социалдык кызматкерлерге өткөрүп беришкен. Ал милицияга үйдө жашаган өгөй атасынын агасы эки жыл мурун Арашан айылындагы талаада сексуалдык ыплас иштерди жасап, эч кимге айтпашын талап кылганын билдирди. Андан кийин да мындай иштерди жасоого аракет кылганда качып чыкканын айтууда", — деп жазылат маалыматта.
Буга шектелген 34 жаштагы киши күнөөсүн четке кагып жатат. Милиция кыз менен чогуу жашагандарды дагы суракка алганда алар да төгүндөгөнүн кошумчалады.
Учурда тергөө жүрүп жатат.