Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абылкасымова: IT-хаб түштүктө маалымат технологияны өнүктүрөт

© Фото / предоставлено Гульнур АбылкасымовойОштогу креативдүү IT-хабдын башкы менеджери Гүлнур Абылкасымова
Оштогу креативдүү IT-хабдын башкы менеджери Гүлнур Абылкасымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жазылуу
Оштогу креативдүү IT-хабдын башкы менеджери Гүлнур Абылкасымова аталган жай келечекте түштүк аймактын IT тармагын илгерилеткен флагман боло аларын айтты.
IT-хаб өлкөнүн түштүгүндөгү жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү жайы болуп саналат. Жаштарды тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк шарттарга даярдап, санариптик көндүмдөр чөйрөсүндө билим берүү системасын бекемдөөгө жана жаңы билим берүү стандарттарын колдонууга багытталган. Бул тууралуу Гүлнур Абылкасымова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абылкасымова: IT-хаб түштүктө маалымат технологияны өнүктүрөт
Анын айтымында, IT-хабда ар кайсы аймак, өлкөдөн келип иштеген фрилансерлерге шарт түзүлгөн.
"Креативдүү IT-хабдын имараты эки кабаттан жана 25 бөлмөдөн турат. Анда чоң жана кичине конференц-залдар бар. Бизде ылдамдыгы секундасына 100 мегабитке жеткен туруктуу кең тилкелүү интернет байланышы, ошондой эле үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздаган генератор бар. Санариптик жөндөмүн өркүндөткүсү келгендер гана эмес, келечектүү кесипти үйрөнүүнү каалаган балдар да келишет", — деди Абылкасымова.
Ал аталган жай креативдүү экономиканын, анын ичинде санариптик көндүмдөрдү жана ишкердик чөйрөлөрүндөгү бардык кызыкдар бенефициарлар үчүн онлайн вебинарлар, бизнес-тренингдер жана гибриддик иш-чаралар үчүн аянтча болорун кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0