https://sputnik.kg/20220202/eaehb-kyrgyzstan-toraga-ish-charalar-1061722505.html
Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы: жыл ичинде кандай иш-чаралар болот?
Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы: жыл ичинде кандай иш-чаралар болот?
Sputnik Кыргызстан
Пландалган иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалга жараша өткөрүлөт. Эгер абал начарлап кетсе, айрымдары видеоконференция форматында болмокчу. 02.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-02T08:48+0600
2022-02-02T08:48+0600
2022-02-02T08:48+0600
кыргызстан
экономика
евразиялык экономикалык биримдик
тизме
төрага
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0c/1050753709_0:374:2480:1769_1920x0_80_0_0_b4d9ed0278c23d4f97e5b56e4a1a2113.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылган 2022-жылы кандай иш-чаралар болорун президенттик администрациядан айтып беришти.Эске салсак, бир жылдык төрагалык миссияны Кыргызстан 1-январдан тарта коңшу Казакстандан өткөрүп алды.Иш-чаралардын тизмеси:Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, пландалган иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалга жараша өткөрүлөт. Эгер абал начарлап кетсе, айрымдары видеоконференция форматында болмокчу.
https://sputnik.kg/20220131/zerger-altyn-kumush-eksport-salyk-ekonomika-eaeb-1061687356.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0c/1050753709_111:0:2470:1769_1920x0_80_0_0_95306db67d036aa57ecb88b4c660d7a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, евразиялык экономикалык биримдик, тизме, төрага
кыргызстан, экономика, евразиялык экономикалык биримдик, тизме, төрага
Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы: жыл ичинде кандай иш-чаралар болот?
Пландалган иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалга жараша өткөрүлөт. Эгер абал начарлап кетсе, айрымдары видеоконференция форматында болмокчу.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылган 2022-жылы кандай иш-чаралар болорун президенттик администрациядан айтып беришти.
Эске салсак, бир жылдык төрагалык миссияны Кыргызстан 1-январдан тарта коңшу Казакстандан өткөрүп алды.
Евразиялык экономикалык жогорку кеңешинин жыйыны — үч жолу (бири Кыргызстанда);
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны — төрт жолу (бири Кыргызстанда);
ЕЭК кеңешинин жыйыны — 12 жолу (экөө Кыргызстанда);
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагындагы экономикалык форум менен ЕАЭБдин Евразиялык климаттык форуму Кыргызстанда бир ирет милдеттүү түрдө өткөрүлчү иш-чаралар;
ЕАЭБ мамлекеттеринин экономика министрлеринин жыйыны, Агроөнөржай саясаты боюнча ЕЭК кеңеши, "Антиконтрафакт – 2022" эл аралык форуму, ЕАЭБдин ишкерлер кеңешинин жыйыны, ЕАЭБ жаштар экономикалык форуму — ар бири бир жолудан Кыргызстанда өткөрүлөт;
Евразия конгресси — Москва шаарында бир жолу болот.
Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, пландалган иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалга жараша өткөрүлөт. Эгер абал начарлап кетсе, айрымдары видеоконференция форматында болмокчу.