Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акматов: ЕАЭБ евразиялык ювелирдик бренд концепциясын кабыл алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Жазылуу
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов өкмөт зергерчиликти өнүктүрүш үчүн экономикалык багытта натыйжалуу мыйзамдарды кабыл алышы керектигин айтты.
Кыргызстандын Борбор Азиядагы зергерлердин борбору болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бийликтин алсыздыгынан бул нерсе ишке ашпай келет. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Акматов: ЕАЭБ евразиялык ювелирдик бренд концепциясын кабыл алды
Анын айтымында, алтынды кайра иштетип (вторичная переработка) сыртка чыгарууну колго алсак киреше дагы 20 пайызга көбөйүп, кошумча жумуш орундары түзүлөт.

"Биздин башчылар зергерлерди көзөмөлдөп, текшерүү жагын гана колго алган. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн экономикалык багытта натыйжалуу мыйзамдар керек. Бардык эшик ачык болуп, ЕЭАБде атаандаштык жарата алышыбыз керек дегендик. Ошентсе да азыр салык маселеси чечилип (мурда 100 пайыз кошумча нарк салыгын төлөсө, азыр 80 пайыз), зергерлерге жеңилдетүү берилди. ЕАЭБге киргенден баштап өз ара зер буюмдарга түшүрүлгөн эн тамгаларды кабыл алуу, таануу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Алгач Армения менен Кыргызстан демилге көтөрүп чыккан. Россия, Казакстан, Беларусь көптөн кийин гана макул болуп, проба эркин соода карым-катнаш жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан нерсе экенин түшүнүштү. Зер буюмдарды үчүнчү мамлекеттердин рыногуна сатуу үчүн бирдиктүү ЕАЭБ ювелирдик бренди боюнча да концепция кабыл алынды. Учурда ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен зергерчилик иш боюнча Армения, Россия, Казакстан алдыда. Ал эми Кыргызстанда потенциал жогору", — деди Акматов.

Адис качан гана валюта алмаштыруу пунктуларында, банктарда таза сырье (алтын, күмүш) сатыкка коюлганда зергерчилик өнүгөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-январь — зергерлердин эл аралык күнү. Бул майрамды негиздөө идеясы 2002-жылы Кострома шаарында өткөн "Россиянын алтын шакеги" фестивалында пайда болгон. Ал эми 2008-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында жаш зергерлердин фестивалында 31-январды Зергерлердин эл аралык күнү катары белгилөө тууралуу чечим кабыл алынган. Бул дата зергерлер январь айында эн тамгаларын каттоодон өткөргөндүгүнө байланыштуу тандалып алынган.
Кыргызстанда 2021-жылы 4-майда №201 токтом менен расмий түрдө 31-январда зергерлер күнүн белгилөө чечими кабыл алынды. Бул күн быйыл өлкөдө биринчи ирет белгиленип жатат.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0