Москва Вашингтондон жашыруун кат алды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАКШнын Россиядагы элчиси Жон Салливан
АКШнын Россиядагы элчиси Жон Салливан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
26-январь күнү АКШнын Россиядагы элчиси Жон Салливан ТИМге эки кат алып келди. Бул Россиянын коопсуздук боюнча декабрдагы сунуштарына расмий жооп эле. Бири Вашингтондон болсо, экинчиси НАТОдон.
Келген каттарда эмне жазылганы азырынча коомчулукка белгисиз. Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен маалымат жыйында эч кандай күтүүсүз нерсе болбой турганын айтты. "АКШ айтканынан кайтпайт". Америка бийлигинин позициясын ЖМКлар ушундай мүнөздөп жатат. Кырдаалга Виктория Никифорова абай салып, макаласы РИА Новостиге жарыяланган.
"Россия күч колдонуудан, агрессиядан жана биздин союздаштар менен башка элдерге кол салуудан оолак болушу керек, — деди Блинкен. — Россия Украина, Грузия жана Молдовадан алардын макулдугусуз жайгаштырган аскер бөлүктөрүн алышы зарыл". АКШнын мамкатчысы Украинанын кайсы жеринен россиялык бөлүктөрдү тапканы белгисиз, бирок калган эки учурда кеп Приднестровье менен Түштүк Осетия тууралуу сөз болуп жатканы маалым.
Блинкен Украинага америкалык курал дагы деле жеткирилип жатканын ырастап, "зарылдык жаралса сөзсүз колдонула турганын" айтты. Украина экономикасына жардам берүүнү да убадалады, бирок кебинен мазактоо байкалып тургандай. Болбосо Украинаны согуштук авантюрага аралаштырып жаткан дал ушул Вашингтон гривендин курсу менен жергиликтүү экономиканын жоголгондон калганын талкалоодо. Эми ушул эле адамдар акчадан жардам беребиз, иши кылып чагымчылдыкты токтотпогула деп жатат.
Мамкатчынын маалымат жыйынында "НАТОнун ачык эшиги", союздаштары, өзгөчө Украина менен болгон достугу тууралуу кулак чарчаткан баягы эле сөздөр жаңырды. "Биз альянстын коопсуздугу, Европа менен Түндүк Америкадагы коопсуздугу боюнча принциптерине келгенде эч кандай компромисске барбайбыз, — деди Блинкен. — Элдердин тандоосун сыйлай билүү керек".
Россияга каршы санкциялар тууралуу да көп айтылды, Блинкен РФке жасалган "экспортту көзөмөлдөө" тууралуу да кеп кылды. Мамкатчынын ой жүгүрткөнүнө баам салсак, эгер "жазаланган" Россия Европага отун жеткирүүнү чектеп, "газды курал катары колдоно турган болсо", дагы бир ирет "жазалоо керек". Бирок Россия баары бир чектейт, анткени америкалыктар "Түндүк агым — 2ге" тыюу салууну көздөп турат.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Лавров: согуш чыгар-чыкпасы Россиядан көз каранды болсо, жаңжалга жол берилбейт
Айтыла берип көнүмүш болгон сөздөр. Россиянын экзистенциалдык талаптарын Украинага такай берүү да тажатты. Кызыгы башкада. Москванын сунушуна Вашингтон акыры эмне деп жооп берди? Маалымат жыйында берилген биринчи суроо да ушул болду: "Сиздер Москванын Украина менен Грузияны эч качан НАТОго кошпоо жана НАТО аскерин Россия чек арасынан жылдыруу талабына "Жок" деп жооп бердиңиздерби?"
Мына ушул жерден АКШнын мамкатчысы тайсалдай баштады. "Ачыктоону каалабайт элем", — деп туруп баягы эле "НАТОнун ачык эшиги", "принциптерге бекемдиги" сыяктуу жалпы сөзгө өтүп кетти.
Мындан улам мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Эгер АКШнын жообу "бир да кадам артка жылбайбыз" таризинде түзүлсө, анда эмне себептен америкалыктар текстин жарыялабоону өтүнүп жатышат? Эмне бар ал жакта?
Сөз менен канчалык ойнобосун, мааниси боюнча оң жыйынтык жок болуп чыкты. Каттын текстинде америкалыктар НАТОнун чыгышка карай кеңейбейт деп эч кандай кепилдик берген эмес. Бул тууралуу тышкы иштер министри Сергей Лавров маек куруп жатып айтты. "Аталган документте башкы маселе боюнча оң жооп жок. НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүнө жол бербөө жана сокку уруучу курал жайгаштырбоо — биздин так позициябыз болчу".
Кепилдиктин ордуна Россияга майда, маанисиз нерселер сунушталган. Wall Street Journal АКШ президентинин администрациясында аскер кемелерин Кара деңиз аркылуу өткөрүүнүн жаңы эрежелерин иштеп чыгуу жана Польша менен Румыниядагы америкалык ракета комплекстерин текшерүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын кыйытты. Экөө тең Россиянын "тынчсыздануусуна" жооп берет имиш.
New York Times гезитинин маалыматы боюнча, АКШнын катында орто жана жакын аралыкка учуучу ракеталарды чектөө, өлкөлөрдүн бири-бирин тизгиндөө жана машыгууларды чек арадан алыс өткөрүү боюнча сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрү камтылган.
Ал эми Йенс Столтенбергдин айтымында, НАТОнун жообунда Москва менен альянстын байланышын жандантуу боюнча сунуштар айтылган. "Москва менен Брюсселдеги кеңселерибизди калыбына келтиришибиз керек", — дейт НАТОнун шефи. Россия эскерткен теманы будамайлоо саясаты мына ушул. Башкача айтканда, "сүйлөшүүлөрдүн алдында сүйлөшүүлөрдүн ыктымалдуулугу тууралуу сүйлөшүү".
Украина аскерлери АКШ жана НАТО өлкөлөрү менен биргелешкен аскердик машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
НАТОго жик түшүп, ындыны өчүп турабы? Сереп
Бир караганда тынч көрүнгөн мындай сунуштар менен бирге ачык эле абалды курчутуу аракеттери да жүрүп жатат. Эстонияга АКШнын алты истребители конду. Мамдепартаменттин маалымат катчысы Нед Прайс Россия Украинага "басып" кире турган болсо америкалыктар "Түндүк агым — 2ни" ишке киргизүүгө жол бербей турганын тастыктады.
Ошол эле учурда АКШда Украина боюнча бир пикир жок. Россияга чагымчылдык жасап, абалды курчутууга эч кандай зарылдык жок дегендердин үнүн акча үчүн каалагандай сайрап берген бюрократтар, журналисттер баса албайт. Мындай кадам өтө эле опурталдуу деп эсептеп, андан көрө Москванын талаптарынын баарын аткарып, 25 жыл мурунку аскерий блоктордун конфигурациясына кайтууну оң көргөндөр арбын.
Акыркы бир нече жумадан бери Украина да, Грузия да НАТОго бир тыйынча кереги жок деген кыйла эле эксперттерди көрдүк. Керек болсо Прибалтиканын да кереги жок. Деги эле Чыгыш Европа НАТО үчүн зарыл эмес. "Советтер Союзунан коргонуу үчүн түзүлгөн НАТОнун азыр, СССР урагандан кийин, дегеле эмне кереги бар? Мааниси эмнеде?" деп суроо салат Fox News алып баруучусу Такер Карлсон.
Украинанын таламын талашып согушуу үчүн Европага 50 миң жоокер жөнөтүү демилгесине "алар эмне үчүнчү дүйнөлүк согуш баштаганы жатышабы? — деп таң калды мурунку президент Дональд Трамп. — Бул жиндилик. Мен болсом мындай болмок эмес".
Башкача айтканда, Америка элитасында өздөрү түзүп алган кырдаал боюнча пикир эки ача. Вашингтондун мындай агрессиялык саясаты көзөмөлдөнө турчу хаоспу же колдон чыгып кеттиби? Өздөрү да түшүнбөй жаткандай элес калтырышууда. Эмне кылыш керек? Бир эле айла бар: убакытты болушунча чоюп, ойду-тоону сүйлөп, мааниси жок каттарды жазуу.
Андан дагы АКШ менен ага кошулган Британияны жана европа державаларынын ортосундагы пикир келишпестик күч болуп турат. Англосакстар качантан бери эле Германия менен Францияны Россия каршы тукуруп келүүдө. Европалыктар тарыхын эстен чыгарбай болушунча каршы туруп жатышат.
Европа биримдигин желегин оңдоп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Европа Россияны жазалоонун эбин таппай убара. Ой толгоо
Парижде Украинадагы кырдаалды салыштырмалуу турукташтырууга багытталган "Норманд төрттүгүнүн" жолугушуусу өттү. Тараптардын баары ок атууну токтотуу керек деген бүтүмгө келишти.
Германия принципиалдуу түрдө Украинага курал жеткирүүдөн баш тартып келет, Эстонияга да тыюу салды. Эстондор Киевге немец куралын берүүгө камынып жаткан. Мунун ордуна немецтер Украинага беш миң каска жөнөттү. "Кийинкисинде эмне беришет экен? Жаздыкпы?" — деп суроо салган Киевдин мэри Виталий Кличко.
Ал арада Британия элитасы белгилүү журналист жана аристократ Патрик Винтурдун оозу менен Франция жана Германияны Россияга каршы тийиштүү жаалын көрсөтө албагандыгы үчүн каарып жеп жатат. Аларга "өтө эле кечиримдүү жана Путинге карата ашкере оптимизм көрсөтүүдө" деген кине коюлууда. Бабетта кетенчиктебей согушка аттанышы керек. Барбаса Вашингтон газын, "Түндүк агым — 2ни" өчүрүп коёт.
Европалыктар акырындап бул согушка америкалыктар аларды кол жоолук катары пайдалана турганын түшүнүп келе жатат. Америкалыктар болсо европалыктар мындайга эч убакта жол бербей турганын баамдай баштады. Вашингтон катты ушул себептен улам да ачыктабай жатышы мүмкүн. Альянстын ичиндеги бири-бирине мындай ишенбөөчүлүктүн фонунда ар бир фраза, ар бир кыймыл Вашингтондун Москва менен өз алдынча, союздаштарынын пикирин эске албастан сүйлөшүп жатканын көрсөтүп коюшу мүмкүн. Мындай учурлар болбоду беле.
Афганистандан кийин НАТОго мүчө мамлекеттердин баары америкалыктар аскерин чыгаруу боюнча талибдер менен алдын ала сүйлөшүп, союздаштарын баары бүткөндөн кийин маалымдар кылган деп ачык эле айтып чыгышкан.
Москва менен болгон сүйлөшүү союздаштарды ого бетер толкутуп жатат.
Эгер Франция менен Германияга эч кандай чырдын кереги жок болсо, Польша, Прибалтика жана башка НАТОчулар улам бир жаңжалга кабылууда. Баары жашыруун болуп жатканына ушул дагы себептир.
Россиянын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Россия Батыш жана Түштүк округдарынын аскердик даярдыгын текшерүүдө. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0