Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

"Бомба" кайда көмүлгөн? Кыргыздар менен тажиктер мунасага келе алабы?

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКыргыз-тажик чыры учурунда өрттөлгөн унаа
Кыргыз-тажик чыры учурунда өрттөлгөн унаа  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Колумнист Абдыкерим Муратов эки күн мурун чек аралаш жашаган кыргыз-тажик чырынын тамырына, эки өлкөнүн абалына баам салган.

Ким биринчи муштады?

Жаш балдар урушуп кетип кийин жарашкан соң "ким биринчи муш көтөрдү" деп талкуулап, азыр эле болгон окуянын айыпкери табылбай калчу. Кыргыз-тажик чек арасындагы кайгылуу окуяны да айрым маалымат булактары ошондой түшүндүрүп жатат.
Тажик тараптын айтуусу: 27-январда, биринчи вариантта, Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктарды кыргызстандыктар таш менен ургулашкан; экинчи вариантта (Тажикстан УКМКсы берген маалымат боюнча), Ходжаи-Аъло кыштагынан Сомониёнго кетип жаткан жолдо кыргызстандыктар тажикстандыктын Hyundai Porter чакан жүк ташуучу машинасын токтотуп, конфликт ошол жерден чыккан.
Кыргыз тараптын айтуусу: 27-январь күнү болжолу саат 17:50лөрдө эки айрылыш жер Төрт-Көчөдө ошол жерден өткөн Исфана — Баткен (Тажикстан-Кыргызстан) кара жолуна машиналар өтпөй турган кылып тажикстандыктар оор жүк ташуучу автоунаага таш жүктөп келип жолду тоскон. Эки жактан чек арачылар, аксакалдар келип жол ачылган. Маселе чечилип эле жатканда Чыр-Дөбө деген жерде кыргыз аскерлерин көздөй ок атылган. Ок миномёттордон жана гранатомёттордон чыккан.
Ушундай. Эки жактан эки түрдүү маалымат келип жатат. Бири-бирин айыпташат, эки тарап тең биринчи биз баштадык дебейт. Ар кандай чыр, анын ичинде дүйнөлүк ири конфликтилердин да тарыхта биринчи баштоочусу табылбай келет...

Чыгаша кандай болду?

Тажик тараптын айтуусу: Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган. Кээ бир ЖМКлар жабыркагандар 20га жетти деп жатышат. Айрым маалыматтарда чек арага жакын айылдагы тажикстандыктар ичкериге көчүрүлгөн.
Кыргыз тараптын айтуусу: 27-январь түнкү курал колдонулган чырдан кыргыз аскерлеринин ичинен он эки жоокер жаракат алып, Баткен шаарындагы ооруканага алып келип жаткырылган. Алардын көбүнүн абалы негизинен орточо. Чек ара айылдарынан миңдеген аялдар, кары-картаңдар, жаш балдар коопсуз аймак деп аталган жерлерге чыгарылган. Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан Орто-Боз электр чубалгысы үзүлүп, бир нече айылда (Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек) жана Мазейит аймагында жарык өчкөн.
Көрүнүп турат, эки жак тең чыгашага учураган, адамдарды ташып жүрүш деле арзанга турбайт.
Эки мамлекет тең экономикалык жактан чабал. Тажикстан эгемендик менен кошо жарандык согуштун алоосунда калды, Кыргызстан төрт жолу төңкөрүштү башынан өткөрдү. Экөөнүн тең ишенген каржы булагы — чет өлкөлөрдөн, биринчи кезекте, Россиядагы мигранттардан келе турган каражат. Россияда тажиктер да, кыргыздар да бир базарда отурушат, бир эле кийим-кече, азык-түлүк сатып, же курулушта иштеп, бир эле жерден өз-өз өлкөлөрүнө акча таап жиберишет. Ошол акчалар минтип Баткенде чек арада чачылып кеткени ичти ачыштырат...
7 балам менен качтым. Мектепте баш калкалап жаткан баткендик энелердин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
7 балам менен качтым. Мектепте баш калкалап жаткан баткендик энелердин видеосу

Балдардын көздөрү...

Тажик эне эки баласын эки колуна жетелеп, "кач, кыргыздар келе жатат" деп качып баратканын, же кыргыз келин балдарына "ана, атат, тажиктер атат" деп ыйлап баратканын элестетип көрүңүзчү. Ошол баланын жүрөгүндө эмне калды? Муздак сезим гана эмес, жек көрүү. Ал муз эми качан эрийт, аны ким эритет?! Ушуларды эстегенде калтырап, титиреп кетесиң... Бул балдардын көзү... Эми кой! Эки мусулман эл, кылымдар бою коңшу болуп келген эл ушул XXI жүз жылдыкка келгенде ушинтип калат беле?..
Социалдык тармактардагы мындай жазууну окуңуз: "Биз, чек арадагылар, аябай кыйналдык. Өткөн апрель айындагы ок атышуудан кийин байпактарыбызды эми чечип уктап баштадык эле. Эми кайра стресс, балдар болсо коркуп калган. Кыштын күнү балдар менен карыларды сүйрөп алып, казанда бышкан тамагыбыз, дасторконубуз жайылган бойдон калды".
Аттиң! Булар кайда качып баратат, кимден качып баратат? Алар байпактарын чечип, качан беймарал уктайт?..

"Бомба" кайда көмүлгөн?

Албетте, ал "бомба" чек арада, сууда, жолдо, жерде, жайытта, анклавдарда! СССР өлүп баратып эле чек араны шарт бөлүп, тикен зымдар менен тосуп кетсе болмок экен дейсиң күйгөндөн...
Бул аймактардын өзгөчөлүгү ушунда: тажик-кыргыз чек арасын бойлой айыл жерлеринде жол ката дүкөндөр, май куюучу жана машина оңдогон бекеттер, мал базарлар, ар түрдүү соода кампалары, тойканалар салынган. Алардын мынча көптүгү ошол айылга же жолдон өткөндөргө керек эмес. Булардын ишин жүргүзгөндөр тажикстандыктар. Ал жакта эл жыш, жер тартыш, эт кымбат, Россиядагы балдарынан акча келип турат. Ушундай камыр-жумур жашап турганда эки тараптан тең бажы, чек ара, коопсуздук кызматтары тартипти күчөтүп, алыш-бериштин жолдорун жапты. Бул, албетте, эки жактан тең пайда көрүп жүргөндөрдүн кыжырын келтирди...
Экинчи бир нерсе — Ооганстандын "оодарылышы". Мурдагы өкмөт талибандарга жеңилип берди. Ар кандай бийлик алмашуунун кесепети сыяктуу эле ал саясий бийликтин кризисин гана эмес, карапайым элдин ачарчылыгын кошо ала келди. Ушул процесс да кыргыз-тажик чек арасына жакын жерлерге качкындардын жана баңгибарондордун келишине жол ачты. Алашалбырттагы жана кургак чилдедеги чек ара жаңжалдарында алардын изи жок деп айтыш да кыйын...
Мурда мындай кагылыштар болгон эмес беле? Болуп турчу! Баткендин Самаркандек тарабында адашпасам Мачаи каналында ар жаз сайын эле ары-бери болуп турушчу. Бирок ал кезде раистердин, райкомдордун күчү күч эле, чайханаларда отуруп ырыс-ынтымакка келип алышчу. Азыр эки элде тең айыл башчыларын, аксакалдарды уккандар азайган, өздөрүн "талаа командирлери" сезип алгандар көбөйгөн. Жаштар алагүү болуп алып, ошолорду ээрчип кетчү болду...
Бүгүн, 29-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугуп, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолукту. Эмне чечимге келишти

Сырт өлкөлөр кийлигише албайбы?

Албетте, ага жеткирбесин! Куралдуу жаңжал улана берсе эки өлкөдө тең чоң инвестициясы бар, ал гана эмес улутташтары бар Россия Кремлден туруп Душанбе менен Бишкекке коңгуроо кылат. Нурсултан Назарбаев мындайга кыйын эле, эми Казакстан өзүн өзү эптеп албай туру. Өзбекстан такыр эле бейтараптыкты кармана берет окшойт, алар булардын чогунун ыргып кетишинен чочулайт. Экинчи айдын башында кыргыз президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барганы туру. Эң алдын Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолу сүйлөшүлөт. Бул ири долбоордон Тажикстандын оолак калышы, Өзбекстан Тажикстанга өтө турган стратегиялык жолдорун "көзүр карта" кылып отурушу тажик тараптын айласын кетириши толук ыктымал. Кудай жалгап, дагы мигранттары (Кыргызстандын да) козголбой турат. Кытай да Борбор Азиядагы өз долбоорлорун жана сансыз көп ишканаларын сактап калуу үчүн ШКУ аркылуубу же башка жолдор аркылуубу, айтор, кыргыз-тажик чек арасына тынчтык орнотууга киришүүсү мүмкүн...
Бирок тышкы таасирлерден мурда, тышкы күчтөрдөн мурда чек ара зонасындагы эл сабырдуулук менен өздөрү мунасага келүүнүн жолун издеп табышы керек, ошого шарт түзүлүшү керек...
Россиянын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Россиянын ТИМи кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0