Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров бүгүн журналисттерге интервью берет

© Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Интервью Москва убактысы боюнча саат 11:00дө башталары күтүлүүдө.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бүгүн, 28-январда, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттерге интервью берет.
Ал Sputnik, "Эхо Москвы", "Говорит Москва" жана "Комсомольская правда" радиостанцияларына тышкы саясат жана учурдагы эл аралык күн тартиби боюнча маек курат.
Интервью Москва убактысы боюнча саат 11:00дө (Бшк 14:00) башталары күтүлүүдө.
Түз эфирди Россия ТИМинин расмий сайтындагы "Видео" бөлүмүнөн, ошондой эле ведомствонун социалдык тармактардагы баракчаларынан көрүүгө болот: Twitter, Facebook, "ВКонтакте", "Одноклассники", YouTube жана RuTube.
Жаңылыктар түрмөгү
0