https://sputnik.kg/20220128/kesiptik-licejlerde-it-bagytynda-okutuuga-basym-zhasoodo-1061623372.html
Абылкасымов: кесиптик лицейлерде IT багытында окутууга басым жасалууда
Абылкасымов: кесиптик лицейлерде IT багытында окутууга басым жасалууда
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Төөлөсбай Абылкасымов кесиптик окуу жайлардын көбү заманбап... 28.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-28T11:12+0600
2022-01-28T11:12+0600
2022-01-28T11:12+0600
радио
кыргызстан
коом
билим берүү
окуу жай
https://sputnik.kg/img/07e6/01/1c/1061623296_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_66bb18493e9e913cb6c1e2f2fc41f3fc.jpg
Абылкасымов: кесиптик лицейлерде IT багытында окутууга басым жасалууда
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Төөлөсбай Абылкасымов кесиптик окуу жайлардын көбү заманбап жабдыктар менен камсыздалганын айтты.
Башталгыч кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 60-70 пайызы иш менен камсыз болот. Бул тууралуу Төөлөсбай Абылкасымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, заман талабына ылайык IT-адистигине окутууга аракет кылып, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.Ошондой эле адис кесиптик билим берүүдө дуалдык системага өтүп, өнүккөн өлкөлөрдүн практикасын колдонсо болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/1c/1061623296_153:0:2884:2048_1920x0_80_0_0_f1ad2f3e1b2198ce023ce4c215a9a152.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, билим берүү, окуу жай, аудио
кыргызстан, коом, билим берүү, окуу жай, аудио
Абылкасымов: кесиптик лицейлерде IT багытында окутууга басым жасалууда
Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Төөлөсбай Абылкасымов кесиптик окуу жайлардын көбү заманбап жабдыктар менен камсыздалганын айтты.
Башталгыч кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 60-70 пайызы иш менен камсыз болот. Бул тууралуу Төөлөсбай Абылкасымов
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, заман талабына ылайык IT-адистигине окутууга аракет кылып, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
"Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржыланган 99 кесиптик окуу жайы иштейт. Алардын катарында заманбап талаптарга жооп берген жана абалы абдан начар окуу жайлар да бар. Кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу аркылуу мыкты адистерди чыгаруу керек. Бирок бул тармакта көйгөйлүү маселелер да аз эмес. Мугалимдердин айлыгы, студенттердин стипендиясы сыяктуу иштер көз жаздымда калбашы керек. Ата-энелер үч жылдык окуунун убактысын кыскартууну да талап кылып келишет. Мисалы, 3-курска жетпей окууну таштагандар бар. Ага байланыштуу теориялык билимге караганда практикалык сабактарга көңүл буруу каралууда. Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 60-70 пайызы иш менен камсыз болот. Бизде IT-академиясы да түптөлүп, анын алдындагы №99 лицей IT-адистерин даярдап чыгууда", — деди Абылкасымов.
Ошондой эле адис кесиптик билим берүүдө дуалдык системага өтүп, өнүккөн өлкөлөрдүн практикасын колдонсо болорун кошумчалады.