Адистер Кыргызстандын негизги экологиялык көйгөйүн атады

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынан таштанды полигону. Архив
Бишкек шаарынан таштанды полигону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Экологдун айтымында, мамлекеттин таштандыны утилизациялоо саясаты жок. Андыктан таштанды көйгөйү жыл өткөн сайын курчуп келе жатат.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын негизги экологиялык көйгөйү — таштанды. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде эколог Гамал Сооронкулов билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭколог Гамал Сооронкулов
Эколог Гамал Сооронкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Эколог Гамал Сооронкулов
Анын айтымында, Кыргызстандын экологиялык картасын түзүү боюнча бир топ жылдан бери иштеп келе жаткан адистер мындай бүтүмгө келген.
"Кыргызстанды толугу менен таштанды каптап жатат. Анткени мамлекеттин таштандыны утилизациялоо саясаты жок. Ачык эле талаага алып барып тонналап төгөбүз да, ошол жерди таштанды полигону деп атап коебуз. Түндүк тарапты алсак, Ысык-Көлдүн Ананьево айылында узундугу эки чакырымга жеткен таштанды таштоочу жай бар. Аны биз өлкөдө рекордчу деп жүрсөк, Баткендин Кулунду айылында сууну жээктеп жаткан үч чакырымдык таштанды жайы бар экен", — деди Сооронкулов.
Ал эми экоактивист жана фотограф Владислав Ушаков бир топ жылдан бери көптөгөн долбоорлорго карабай таштанды полигону курулбай жатканына кейиди.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкоактивист жана фотограф Владислав
Известный фотожурналист и экоактивист Владислав Ушаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Экоактивист жана фотограф Владислав
Ошондой эле ал таштанды көйгөйү жыл өткөн сайын курчуп келе жатканын билдирип, минтип отурса Кыргызстан таштандыга көмүлүп калат деген оюн айтты.
Таштанды полигонундагы жаныбарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жерде жашоого мүмкүн болбой бара жатат. Окумуштуулар коңгуроо кагууда
Жаңылыктар түрмөгү
0