Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Талант Мамытов Баткен тууралуу үн катып, чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы парламент Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты.
Спикер парламент Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.
"Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин туруктуулугу жана тынчтыгы бардыгынан бийик турат", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал "оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыкка алдырбоого" чакырды.

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Коңшу өлкөнүн ЖМКлары жабырлануучулар тууралуу ар кандай маалымат берип жатышат. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу дагы каралган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, чек арада чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Алардын бардыгы аскер адамдары.
Бүгүн саат 8.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлдү.
Эртең менен жерине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев барды.
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
УКМК жетекчиси Ташиев Баткендеги окуя боюнча маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0