Унутулгус окуя. Садыр Жапаров Ленинград блокадасы тууралуу кайрылуу жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Өлкө башчы ушунча жыл өтсө дагы бул улуу окуя элдин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын белгилеген.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы кайрылуусунда 78 жыл өтсө дагы бул улуу окуя элдин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын белгилеген.
"Ленинград шаары эки жылдан ашык душмандын блокадасында болуп, ачарчылык менен аёосуз согуштун катаал сыноолоруна туруштук бере алган. Бул баатыр шаарды фашисттердин кандуу чеңгелинен бошотуу үчүн 4 500дөн ашык мекендешибиз эрдик көрсөткөн. Совет эли менен бирге Кыргызстан калкы да курчоодо калган Ленинград шаарынын тургундарына азык-түлүк жана керектүү кийим-кече жөнөтүп, демине дем, күчүнө күч кошуп турушкан", — деп жазылат кайрылууда.
Президент блокада маалында Ленинграддан чыгарылып Кыргызстанга алып келген балдар тууралуу да айткан.
"Ленинграддан чыгарылган 3,5 миңден ашык бала Кыргызстандан жаңы үй-бүлө, жаңы тууган таап, эрезеге жетип, турмуш жолун татыктуу улап кетти. Бул элибиздин эзелтен келе жаткан айкөлдүгүнүн бир мисалы. Алар экинчи Ата Мекенинин өнүгүүсүнө ак кызматын кылып келе жатышат. Ленинградды душмандын курчоосунан бошотууга катышып, өмүрүн арнаган жоокерлерибиздин, ошол маалда тылда жардам көрсөткөн мекендештерибиздин жана блокадада калган шаар тургундарынын эрдиктери эң ириде атуулдук духтун, майтарылгыс эрктин, каармандыктын жана ынтымактын бийик үлгүсү болуп калды", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы сөзүнүн соңунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, шаарды блокададан бошотууда салгылашып жатып курман болгондорго терең таазим деп, ыраазычылыгын билдирген.
Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты Турат Сырдыбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2021
Радио
Сырдыбаев: Ленинград блокадасынан улам кийин Кыргыз ССРинде илим өскөн
Жаңылыктар түрмөгү
0