Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча жооп алды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кремльдин мунаралары. Архив
Москвадагы Кремльдин мунаралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Россия ТИМи АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча жоопту мурда талап кылынгандай кат түрүндө алганы айтылды.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. АКШнын Россиядагы элчиси Жон Салливан Москвада ТИМ жетекчисинин орун басары Александр Грушкого коопсуздук кепилдиги боюнча Вашингтондун кат жүзүндөгү жообун тапшырганын аталган ведомстводон кабарлады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Анда жолугушуу АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өтүнүчү менен болгондугу айтылган.
"Америкалык дипломатиялык миссиянын башчысы коопсуздук кепилдиги тууралуу Россия тарап мурда сунуштаган келишимдин долбооруна АКШ администрациясынын кат жүзүндөгү жообун берди", — деп билдирген ведомство.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен журналисттерге алардын жообу Украина жана европалык союздаштары менен координациялангандыгын айткан эле.
"Москва биздин жооп менен таанышып чыккандан соң жакынкы күндөрү министр Лавров менен сүйлөшүүнү пландап жатам", — деген мамлекеттик департаменттин башчысы.
Ал АКШ документти элге жарыялоону каалабагандыгын, конфиденциалдуу сүйлөшүүлөр үчүн мүмкүнчүлүк калышы керектигин жана Россия буга олуттуу карайт деп ишенип тургандыгын айткан.
Кечирээк Брюсселдеги россиялык элчи Москванын ушундай эле маанидеги сунушуна НАТОнун жообун алган. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул документти алардын 30 союздашы колдогондугун билдирген.
Россия тарапка берилген документке комментарий берип жатып Столтенберг альянс саясий эшиктер саясатынан баш тартпай тургандыгын жана "ар бир өлкөнүн тандоону көз карандысыз түрдө жасоо укугун урматтай турганын" айткан. Dpa Eauthor агенттигинин блоктогу маалымат булактарына таянып билдиргенине караганда, Россиянын сунушуна берилген жоопто "олуттуу деле артка тартуулар жок". Тагыраагы, НАТО "альянстын кеңейтилбеши керектиги айтылган жана Европанын чыгышынан мүчө өлкөлөрдүн аскерлерин алып чыгып кетүүсү боюнча талаптарды колдогон эмес".
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Женева шаарындагы жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
НАТО, Украина, Вашингтон. Женева жолугушуусундагы урунттуу учурлар

АКШ жана НАТО менен Россиянын сүйлөшүүлөрү

2021-жылдын соңунда Россия коопсуздук жаатындагы АКШ менен түзүлгөн келишимдин, НАТО менен болгон макулдашуунун долбоорлорун берген эле. Москва Батыштагы өнөктөштөрүнөн НАТОнун Чыгышта мындан аркы тамырлашынан, Украинаны альянска кошуудан жана мурдагы советтик өлкөлөрдө аскер базаларын орнотуудан баш тартуу боюнча юридикалык кепилдикти талап кылган.
Бул боюнча 9-10-январда Женевада Россия жана АКШнын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду болгон. 12-январда Брюсселде Россия — НАТО кеңешинин отуруму, ал эми 13-январда Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Венадагы аянтчасында консультациялар өткөн. Москва жоопту кат жүзүндө создуктурбай алууну күтүп жаткандыгын айткан.
Сүйлөшүүлөр баштала электе эле Вашингтон документтин кээ бир пунктулары ишке ашпай тургандыгын билдирген. Москва бул ультиматум эместигин, бирок бир тараптуу артка кайтууга, андан сырткары, жасалган басымдардын астында ага барбастыгын түшүнүктүү кылып билдирген.
Батыш бул аптада Россиянын сунушуна жообун бермек. ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Москвага документте айтылган ар бир пункт боюна так жооп керектигин айткан. Ал жооп Россия тараптын мындан аркы кадамдарын жана диалогду жаңылоо келечегин аныктай тургандыгын баса белгилеген.
С-400 Триумф зениттик ракеталык системалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
НАТОну санаага салган Калининград, создуккан сүйлөшүүлөр. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0