Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 68 адамдын абалы өтө оор

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОорукандагы дарыгер. Архив
Оорукандагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Жазылуу
Бир сутка ичинде коронавирус жуктургандарга караганда аны жеңип айыккан учур көп катталган. Бирок ооруканада дарыланып жаткандар азая элек.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 426 адамдан коронавирус табылып, 589 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 314;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 44;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 18;
Баткен облусу – 22.
Ушуну менен өлкөдө жалпы 195 820 адамдан коронавирус аныкталып, 183 517 киши дартты жеңди. Азыркы тапта 1 176 бейтап ооруканада, ал эми 6 780 киши амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 414 бейтап оор абалда болсо, 68 кишинин абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери дарт Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган.
Көлдө күнгө күйүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Инфекционист коронавирус пандемиясы жайында бүтөрүн божомолдоду
Жаңылыктар түрмөгү
0