Статком эл каттоо жүргүзүү үчүн жарандарды жумушка чакырууда. Шарты

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosДокумент толтуруп жаткан адам. Архив
Документ толтуруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Жазылуу
Буга чейин 28 миң каттоочу убактылуу жумушка алынып, анын 25 миңи ар бир үй-бүлөнү кыдырары айтылган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоо иштерине байланыштуу жарандарды кыска мөөнөткө жумушка чакырат.
Алдыдагы каттоо маалыматтарды топтоонун электрондук форматтагы ыкмаларын колдонуу менен биринчи жолу өткөрүлөт.
Убактылуу каттоочу кызматчыларга төмөнкү талаптар коюлат:
Кыргыз Республикасынын жараны;
18 жаштан жогору;
Буга чейинки эл каттоолорго же ар кандай талдоо, изилдөөлөргө катышкан (мүмкүн болсо);
Android 5 же андан жогорку версиясындагы операциялык тутум аркылуу башкаруучу уюлдук аппараттын болушу (каттоочулар үчүн).
Ишке орношуу үчүн жашаган жери боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:
Баткен облусу: 0(3622) 5-01-40, 0778 987 839;
Жалал-Абад облусу: 0(3722) 5-14-78, 0222 057 770;
Ысык-Көл облусу: 0(3922) 5-29-49, 0225 069 449;
Нарын облусу: 0 (3522) 5-04-62, 0708 505 444;
Ош облусу: 0 (3222) 5-55-23, 0778 500 177, 0558 318 150;
Талас облусу: 0(3422) 6-02-25, 0505 155 615;
Чүй облусу: 67-04-15, 0500 216 814;
Бишкек шаары: 62-64-72, 0551 230 975, 0702 236 808;
Ош шаары: 0(3222) 7-30-14, 0550 100 163, 0776 100 163.
Белгилей кетсек, эл каттоону жүргүзүү үчүн 28 миң каттоочу алынып, анын 25 миңи ар бир үй-бүлөнү кыдырары айтылган.
Улуттук статистика комитетинин калкты каттоо жана геомаалыматтык системалар бөлүмүнүн башкы адиси Айзада Тукашова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Радио
Тукашова: эл каттоодо эч кандай документ талап кылынбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0