Жаңы рекорд. Былтыр 11 айда мигранттар Кыргызстанга 2,5 млрд. сом которду

© AFP 2023 / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Бул статистикада жеке тараптардан акча которуу системасы аркылуу түшкөн каражаты камтылган.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанга чет өлкөдөн 2 миллиард 516 миллион 970 миң доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.
Бул статистикада жеке тараптардан акча которуу системасы аркылуу түшкөн каражаты камтылган.
2020-жылы 11 айдын аралыгында Кыргызстанга мигранттар тарабынан 2 миллиард 160,1 миллион доллар которулган болчу. Ортодогу айырма мурдагы жылдын башында пандемиядан улам өнөктөш өлкөлөр чектөөлөрдү киргизгенине байланыштуу.
Былтыркы статистиканы тарыхтагы рекорддук көрсөткүч катары кароого болот. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-ноябрь айларындагы акча которуулар турат. Анда 2 миллиард 479,4 миллион доллар келип түшкөн.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Алтындын кору декабрда 5,9 млрд. сомго өстү. Улуттук банктын маалыматы
Жаңылыктар түрмөгү
0