Автоунааны кантип көпкө чейин айдап жүрсө болот. Адистин кеңеши

© Фото / Pexels/ Tim SamuelАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
Автокөлүк боюнча адис негизинен эки эрежени сактоого аракет кылыш керектигин эскертти.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Автоунааны көпкө чейин урунуу, албетте, аны жакшы караганга байланыштуу, бирок адистер керектүү делген башка учурлар бар экенин айтышат. Бул жаатта "Драйв" телеканалынын шеф-редактору жана автоунаа боюнча эксперт Илья Межибовский кеңештерин окурмандарга сунуштады.
Темир тулпардын тетиктери жешилип, мөөнөтүнөн мурда керектен чыгып калбаш үчүн аны абайлап, айтылган тартип менен колдонуп жана мүмкүн болсо бир ылдамдыкта айдоо керектигин эскертти.
"Шаардагы автотыгынга темир көлүк ыңгайлашкан болсо да, баары бир пайда берчү деле көрүнүш эмес. Автоунааны колдонуунун эң туура ыкмасы трассада саатына 80 чакырым менен жүрүү. Эгерде андан жай айдасаңыз, тиешелүү тетиктери муздайт, ал эми катуу жүргөндө аэродинамиканын айынан майды көп ичет", — деген Межибовский.
Адис, албетте, дайыма эле жипке тизип койгондой бир калыпта жүрүүгө мүмкүн эместигин да эске салды.
"Бир ылдамдык менен жүрүүгө дайыма эле мүмкүнчүлүк жарала бербейт. Андыктан ага өтө байланбаш керек. Болгону жакшылап көз сала жүрүңүз. Эгерде кандайдыр бир жеринен шек жаралса, дароо текшере салып, оңдоп алгандан өтөрү жок. Бул жерде эң маанилүү учурлардын бири — мотор майынын сапаттуу болушу зарыл. Аны учурунда, ал тургай нускамадан жазылган мөөнөтүнөн эртерээк деле алмаштырып турсаңыз, жакшы иш кылган болосуз. Мындай учурда автоунааңыз сизди жолдо калтырбайт", — деген эксперт.
Мурдараак адис кышкысын автоунааны кантип туура жууш керектиги боюнча кеңештерин айтып, темир тулпарды эшикте абанын температурасы -5 градустан өйдө болгондон кийин гана тазалоого болорун эскерткен.
Унаанын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Суукта автоунаа от албай жатса эмне кылуу керек? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0