Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Атабаева: адам 10 килограмм салмак кошкон сайын 3-4 өнөкөт оору пайда болот

© Sputnik / Асель СыдыковаНутрициолог Гүлайша Атабаева
Нутрициолог Гүлайша Атабаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
Жазылуу
Нутрициолог Гүлайша Атабаева эт ашказанда сегиз саат сиңе турганын айтты.
Адамдар марафондордо гана туура тамактанбастан, аны жашоо образына айлантып алса жакшы болмок. Киши 10 килограмм салмак кошкон сайын 3-4 өнөкөт оору пайда болот. Бул тууралуу Гүлайша Атабаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Атабаева: адам 10 килограмм салмак кошкон сайын 3-4 өнөкөт оору пайда болот
Анын айтымында, спирт ичимдиги абдан калориялуу болуп эсептелет. Бир рюмка ичимдик түшкү тамактын килокалориясына барабар.
"Нутрициологияда тамак-аш таза азыктан даярдалышы керек. Демек, туура тамактануу менен салмакты калыбына келтирүүдө ар кандай кошулма, капсула, таблеткалар ичилбейт. Мында белок, углевод, май бирдей көлөмдө болушу зарыл. Ошондой эле тамакта клетчатка көп болгону жакшы. Болбосо адам бат эле ачка боло берет. Мен ашказанды "аба, суу, клетчатка жана тамак" деп төрт бөлүккө бөлүүнү сунуштайм. Ашказанга негизи 400 грамм тамак батат. Биз ашыкча тамактанып отуруп төрт килограммга чейин чоюп салабыз. Күнүнө беш маал тамактанган туура. Себеби аз-аздан жана бат тамактанып отуруп ашказанды мурдагы абалга келтиребиз. Мындай рацион жана режим менен 21 күндүн ичинде жалкоолор беш, ал эми эрежени так аткаргандар 12 килограммга чейин салмак таштай алышат. Кыргыздардын рационунда эт алмаштырылгыс азык. Кызыл эт ашказанда сегиз саат сиңет. Биз, албетте, сегиз саат күтпөстөн үстү-үстүнө тамактана беребиз. Демек, калория иштелип, энергия сарпталбай калат. Айрым кыз-келиндер стресс, депрессияны тамак-аштан чыгарышат. Стресстен арылууга эң жөнөкөй эле ич менен терең дем алуу жардам берет. Жарым сааттан дем алуу көнүгүүсүн жасап, жакшы көргөн музыкага бийлөө менен стрессти алдын алса болот", — деди Атабаева.
Адис тамактангандан кийин диванга телевизор көрүп же телефон карап жата калуу адатынан улам көп эркектердин курсагы чыгып семирип кетип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0